ЛЕНИН ЧОКУСУ
Кыргызстандын аскаларында набыт болгон сегиз кыз
Шатаеванын альпинисттер тобунун баяны
ЛЕНИН ЧОКУСУ
Кыргызстандын аскаларында набыт болгон сегиз кыз
Шатаеванын альпинисттер тобунун баяны
"Бул жакта балдар чана тепсе..." деп альпинисттер бийиктиги боюнча Кыргызстанда экинчи орундагы Ленин чокусун адегенде анчалык этибарга алышчу эмес. 1974-жылдын августуна чейин негизи ушундай эле болгон. Дал ошондо Эльвира Шатаеванын жетекчилиги менен альпинист кыздардын тобу алгачкылардан болуп ушул чокуну багынтууга белсенген.
Эльвира Шатаева
альпинист
"Баары ушунчалык сонун, ал түгүл биз маршруттан зеригип да баратабыз", — деп билдирген ал 2-августта рация аркылуу. Ошондон беш сутка өтпөй сегиз кыз тең көз жумган. Ал кыргыз аскаларындагы эң коркунучтуу апааттардын бири болгон. Сиздерге ошол окуядан баян салалы.

Бир топ жыл бою Ленин чокусун альпинисттер коркунучтуу эмес деп эсептеп келишкен. Себеби алгач багындырылгандан кийинки 45 жыл аралыгында чыккандардын баары соо кайтчу. 1974-жылкы бөтөнчө суук август айы баарын өзгөрттү. Бул чокуну багындырууга аттангандар үчүн ошол жыл тагдыр чечерлик болгон.

Кайгылуу окуялар 25-июлда башталган, америкалык альпинисттердин чатырларын көчкү басып калат. Алардын көпчүлүгү аман калганы менен Американын күчтүү спортчуларынын бири – Гарри Улин каза тапкан.

Ленин чокусунун экинчи курмандыгы швейцариялык альпинист Ева Изеншмидт болгон. Алдан тайып, суукка туруштук бере алган эмес. Ленин чокусундагы үрөй учурган апаат – советтик сегиз жаш альпинисттин өлүмү. Топту москвалык 36 жашагы Эльвира Шатаева жетектеген.

Эльвира аялдардын күчү менен гана жети миңдиктерди багындырып рекорд коюуну тилек кылган. Ага дейре эч ким ага дааган эмес. Шатаеванын кыздар тобу Корженевская чокусуна, андан соң Ушба тоосуна чыгат. Үчүнчү бутасы Ленин чокусу эле...

Кыздар тоого чыгууга жакшылап даярданышкан. Эльвиранын жолдошу, альпинист Владимир Шатаев "Кыйынчылык категориясы" деген китебинде спортчу кыздардын даярдыгын да сүрөттөйт.
Солдон оңго карай: Татьяна Бардашова, Нина Васильева, Ирина Любимцева, Людмила Манжарова, Ильсияр Мухамедова, Галина Переходюк, Валентина Фатеева, Эльвира Шатаева
...Топтун кеменин мыкты үйрөтүлгөн экипажындай жашап, тартип, регламенттин тактыгы, аны аткаруунун пунктуалдуулугу укмуш эле, ар бири өз милдетин, иш ордун так билчү. Эч качан кайым айтышып, талашып-тартышканын укпадык, мурчуйган, нааразы, жактырбаган жүздөрүн көрбөдүк.

Чатырларды айлана сейилдеп жүргөнүбүздө Эльвира тапталган чөптүү аянтты ээгин кага көрсөтүп:

— Бул биздин "жыйын залыбыз", - деди.
— Бийлейсиңерби бул жерде?
— Бийлейбиз дагы.
— Негизи сен азаматсың. Топту да түздүң...
— Дагы какшыктап турганыңбы?
— Жок. Чын эле оюм ушундай.
— Ушундай мактооңо татыдымбы?! Керемет!

(Владимир Шатаевдин "Кыйынчылык категориясы" китебинен)
Бийиктиги боюнча Кыргызстанда экинчи саптагы Ленин чокусунун көрүнүшү
Владимир Шатаев жубайы менен болгон ошол акыркы жолугушууну 46 жылдан кийин эскерип турду. Ленин чокусунда эле. Альпинист аны багындырып, артка кайтып келе жаткан. Ал эми Эльвира менен жети курбусунун жолу жаңыдан башталган.
"Биз тоодон түшүп келе жаткан элек. 5000 метрлик бийиктикте биз кыздардын тобуна кезиктик. Кыздар чатырда калып, Эльвира бизди тосуп чыкты. Биз көрүшүп, сүйлөштүк", — деп эскерет Шатаев.
Ошол соңку баарлашууда Владимир аялын эгер ойлогондой чыкпаса, траверстен баш тартууга көндүрүүгө аракет кылган. Альпинисттер бир жол менен чокуга чыгып, кайра бөлөк багыт менен түшкөндү траверс деп атап коюшат.

Эльвира Липкин зоосу менен чыгып, асканы кесип өтүп, Раздельная чокусу аркылуу башка тарабына түшүүнү пландаган. Бул татаал, бирок ошону менен бирге эле ардактуу болчу.

Владимир чыккан багыт менен эле кайра түшүүгө көндүрүүгө аракет кылган.
Владимир Шатаев жубайын зарылдыгы чыкса, ошол эле жол менен кайтууга көндүрүүгө тырышкан. Эльвира жолдошунун сөзүнө кулак салбай койгон
— Эгер бирөө алдан тайып баратса, 6500гө оокаттарыңарды, чатырларды таштап, чокуга чабуул жасап, чыккан жолуңар менен кайткыла. Траверс куруп калсын! Макулбу?
— Володя, не деп жатасың? Бирөө ооруп кала турган болсо, аска арзыйбы өмүргө? Дароо ылдый түшө баштайбыз. Бирок чокуга чыга алсак, траверстен баш тартпайбыз. Сен да туура түшүн, ушундай ыңгайлуу бизге. Эгер база сунуштаса, анда бир жөн эле...
— База силердин абалыңарды билбей калышы ыктымал.
— Биз эч нерсени жашырбай, болгонун болгондой кабарлап турабыз.

(Владимир Шатаевдин "Кыйынчылык категориясы" китебинен)
Кыздар Корженевская чокусун багындыргандан кийин эс алышууда. СССРдеги жети миңдиктердин баарын багынтууга ниеттенишкен
Коштошордо Владимир Эльвирадан тоодон түшкөндө кыздардын баарын конокко чакырууну өтүнгөн. Жубайлар ошондо акыркы ирет дидарлашып турганын ким билиптир. (Алдыга озуп белгилеп коелу, Эльвира күйөөсүнүн кеңешине кулак салбайт).

2-августта Шатаеванын тобу чокуга карай бет алат. Күн да чайыттай тийип турган, кыздар кар жаткан тоо боору менен кыйналбай эле чыгып баратышкан. Саратанда да андай бийиктикте кар эрибейт, бирок абанын температурасы минус отузга дейре түшүшү мүмкүн. Суукка карабай куйкалай тийген күндөн терини сакташ керек, антпесе күнгө күйүп калуу турулуу иш.

Саат: 13:00дө Эльвира база менен рация аркылуу байланышат.
"Кырга чыгарыбызга бир сааттай калды. Баары жайында, күндүн көзү да жакшы, шамал да катуу эмес. Жолубуз оңой. Баарынын абалы жакшы. Азырынча баары ушунчалык сонун, маршруттан көңүлүбүз калып да баратат", — деп маалымдаган.
Жагымдуу аба шарттарына карабастан кыздардын тоого чыгуу ыргагы анчалык ыкчам болгон эмес. Балким, спортчу кыздар атайын убакытты созуп, эркектер тобунун калкалоосунан чыккысы келгендир.

5-августта алар чокуга чыгышат, бирок кечке жуук бороон башталат. Теребел көрүнбөй барат, шамал катуулайт. Топ аба ырайы оңолгончо тоодон түшпөй турууну чечет. Бирок бороон күчөгөндөн күчөй берет, кыздардын жолу бүтөлөт. Алар 7000 метр бийиктикте камалып калат. Бул — адам организми үчүн өтө бийик, дем жетпей калат. Альпинист тоо дартынын белгилерин сезип алсырап, башы ооруп, көңүлү айнып кускусу келе баштайт.
"7 миң метр бийиктикте организм кычкылтектин жетишсиздигинен ажалга алдыра баштайт. Мыкты даярдык, аба шарттарына көнүп калган болсо, кыска убакытка, бир же эки күн мындай шартта жүрүүгө болот. Бирок организм кандай жакшы даярданган болсо да андай бийиктикте эртеби-кечпи, кычкылтектин жетишсиздигинен адам өлүп калат", — дейт альпинист Дмитрий Греков.
Кыздар Корженевская чокусун багындыргандан кийин. Владимир Шатаевдин пикиринде, алар Ленин чокусуна чыгуу үчүн аба шартына тийиштүү деңгээлде көнө элек эле
Спортчу кыздар аскада эки түн өткөрүшөт. Акыры аба ырайынын оңолушун күтүүнүн кажети жок экенин түшүнүшөт. Арасында ооруп калгандар да бар эле. Аргасы түгөнгөн Эльвира Шатаева базадан жардам сурай баштайт.

Эльвира Шатаеванын база менен сүйлөшүүлөрүнөн:

Эльвира Шатаева: — Күндүн көзү түзөлчүдөй эмес, тескерисинче, дагы бузулуп баратат. Бул жерден жададык... Аябай суук! Ылдый түшкүбүз келет. Үмүтүбүз деле үзүлүп калды... Тек гана жылгыбыз келет... Ылдый карай... Анткени аскада сөөк сыздаткан суук. Шамал катуу. Аябай катуу согууда. Түшөрдөн мурун биз, Виталий Михайлович, сизди тыңдайлы. Радиостанцияга врач чакыралы, кеңеш алуу үчүн суроолорубуз бар.

База: — Күтө туруңуз, байланышта болуңуз. Толя Лобусевди байланышка чакырабыз.

Анатолий Лобусев: — Эмне болду? Кандай консультация керек?

Шатаева: — Бир катышуучубуз ооруп калды. Даам сызары менен кусуп жатат. Бир суткадай болуп калды. Мандем боорунда деп болжодук.

Лобусев: — Өпкөсү кагынып баратат. Тезинен ылдый түшкүлө.

Шатаева: — Биз дары-дармекти кандай бөлүштүрүүнү билбей турабыз. Дагы бир катышуучубуздун да абалы начарлап баратат...

База: — Ооруган катышуучу тууралуу мурда кабарлабагандыгыңыз үчүн сөгүш жарыялайм. Врачтын айткандарын ыкчам аткарып, ийне сайып алып, чыккан багыт менен — Липкин маршруту боюнча тезинен ылдый түшө баштагыла.

Шатаева: — Түшүндүм. Макул. Азыр ийне сайып алып, чатырларды жыйнап, тезинен, 15 мүнөттө ылдый түшө баштайбыз. Сөгүш боюнча, аскада эмес, ылдый түшкөндө угууну туура көрөт элем.

Кыздар ылдый карай жылышат, бирок түнкү 11де Ирина Любимцева каза болгону эртеси таңда белгилүү болот. Себеби андай бийиктикте жана төмөн температурада оорулар ушунчалык тездик менен өтүшүп кетет.

Куландан соо киши да кычкылтектин жетишсиздиги жана сууктан пневмонияга кабылып, ал өпкө же мээнин шишип кетишине алып келет. Көбүнесе андайда альпинист өз какырыгына чакап, дем ала албай калат.

7-августта Ленин чокусунда алай-дүлөй түшүп, катуу шамал чатырлардын быт-чытын чыгарып, буюмдарды тоо боорунан ылдый учуруп кетет. Кыздардын кырсыкка кабылганын түшүнүп, аларды куткарууга советтик, француз, англичан, япон альпинисттери жөнөйт. Бирок алардын аракетинен майнап чыкпайт. Түштө Эльвира кайрадан байланышка чыгат.

Жыл сайын жайында дүйнөнүн булуң-бурчунан альпинисттер база лагерине келер эле
Эльвира Шатаеванын база менен сүйлөшүүлөрүнөн:

Шатаева: — Арабыздан экөө — Васильева жана Фатеева каза тапты... Буюмдарыбызды шамал учуруп кетти... Бешөөбүзгө үч уктоочу кап калды... Аябай тоңуп жатабыз, абдан суук. Төртөөнүн колдорун катуу үшүк алып кетти...

База: — Ылдый түшө бергиле. Үмүт үзмөй жок. Эгер баса албасаңар, кыймылдагыла, дайым кыймылда болгула. Мүмкүн болсо, ар бир саатта байланышып тургула.

Саат: 15.15
Шатаева:
— Аябай тоңуп калдык... Үңкүр да каза албайбыз... Каза турган шайман жок. Кыймылдаганга да жарабай калдык... Рюкзактарыбызды шамал учуруп кеткен...

17:00
База — Клецко:
— Япондуктар кырдан эч нерсе таппаптыр. Өздөрү катуу шамалдан улам тоңуп калышыптыр. Баары майнапсыз.

19:00
База — Клецко:
— Өйдөдө апаат аяктап баратат. Көпкө туруштук бере алышпайт го. Эртең таңкы сегизде эмне кылышты билдиребиз. Тоого чыгууга туура келет окшойт...

20:00
База — топко:
— Чуңкур жасап, жылуулангыла. Эртең жардам барат. Таңга дейре чыдагыла.

21:12де байланышка Галина Переходюк чыгат. Адегенде үндөбөйт, анан ыйлаганы угулат. "Экөөбүз гана калдык... Алыбыз кетти... 15-20 мүнөттөн кийин тирүү калбайбыз...". Андан кийин ал кыз рациянын кнопкасын басат, ошол бойдон эфирге эч ким чыкпады.

Владимир Шатаев дал ошол маалда капысынан Москвадан Кыргызстанга учмак болуп калат. Аны Ева Изеншмидттин өлүмүн иликтөө үчүн Ленин чокусуна кайра чакырышат. Жубайын көрүүгө ашыгып, сүйүнүп алган.
"Тоого чыгарында узаттым эле, кайра күтүп алат экемин деп кудуңдап койгом. Ошко келгенибизде Эльвира жетектеген топ коркунучта экенин кабарлашты. Рацияга жеткенибизде баары набыт болгонун билдик", — деп эскерет ал.
Мамыр талаасындагы таш эстелик
Кыздар набыт болгон жерди алгач япон альпинисттери тапкан. Бирок алар сегиз эмес, жети кыздын сөөгүн эсептешет. Владимир бирөө аман калгандыр, балким Эльвира тирүүдүр деп үмүттөнөт.

Шатаевди өйдө чыгаргылары келген эмес, анын психологиялык абалынан чочулашкан. Тыюу салган телеграмма Москвадан жолдонгону менен ал бир аз кечигип калат. Владимир Шатаев эки кесиптеши менен эбак тоого чыгып кеткен болчу.
Япон альпинисттери 7 кыздын сөөгүн табышат. Бирөө аман калды деген үмүт жанат
"База менен улам байланышка чыгып жатышты. Ар биринде бир кереметти күтөм десеңер, рация ачылган сайын: "Володя, Эльвира табылды..." деген үн жаңырчудай туюлат. Ага чейин деле кимдир-бирөө "япондор анын сөөгүн тааныган окшойт" дегенсиди. "Тааныган окшойт.." — бул сөз мага мокок бычак сымал, кесип салбай, жүрөгүмдү улам тешкилеп жаткандай... Аман экендигине ишендим. Бирок үмүтүм улам кийинки байланыш менен, улам өйдө чыккан сайын өчүп баратты... Акырында "башыңды катырба, ал тиги чокунун жанындагы тоо боорунда" деп өзүмдү-өзүм жооткоттум. Ошол ирмемден тарта кереметке да ишеним жалп өчтү. Жолугушууга даярдап баратам өзүмдү. Андан корктум, өзүмдөн корктум.

(Владимир Шатаевдин "Кыйынчылык категориясы" китебинен)
Владимир Шатаев кыздардын сөөгүн таануудагы маалыматтарды диктофонго жаздырган
Ленин чокусунун кар баскан боорунда жаткан аялынын сөөгүн Владимир Шатаев дароо эле тааныйт. Кыздардын сөөгүн таанып, алар боюнча маалыматтарды диктофонго өзү сүйлөп жаздырган.

Сегизинчи кыздын жоголгондугунун сыры тез эле табылат. Нина Васильеваны япондор дароо байкабайт. Ал тамтыгы кеткен чатырда Валентина Фатееванын сөөгүнүн алдында калыптыр. Кыздардын сөөгүн убактылуу көөмп турууну чечишет.
"Аба ырайынан улам кыздардын сөөгү кар алдында калбасын деп чочуладык. Ошондо аларды жерге түшүрүп, кайра жерге берерибиз эч кимдин оюна келген эмес. Эки жерге көмдүк, биринде үч, экинчисинде бешөөнүн сөөгүн койдук", — деп эскерет Шатаев.
Альпинист тоо боорунда каза тапса, адатта эмне кылышат? Батыш өлкөлөрүндө алардын сөөгүн багындырган бийиктиктерде калтырышат. Кээде эч ким тийбесин деп капчыгайга ыргытышат. Айрым учурда жаткан жеринде гана калтырып коюшат. Анан калса, тоодон сөөктү алып түшүү өтө кымбат. Мисалы, Эвересттен сөөктү алып кетүүгө 100 миң доллар талап кылынышы ыктымал.
"Бир маркумдун сөөгүн алуу үчүн олбурлуу, тоо шартына көнгөн, мыкты даярдыктагы 20 жигит керек. Алар бир ай камылга көрүүгө тийиш. Бир кишинин сөөгүн алып түшөбүз деп бир нече кишиден айрылып калышыбыз да мүмкүн. Зарылдыгы барбы? Жок. Кооптуу болгондуктан көбүнесе тоо боорунда калтырышат", — деп түшүндүрөт альпинист Дмитрий Греков.
Советтер Союзунда альпинисттердин сөөгүн тоодо калтырышкан эмес. Бирок андай операция тобокелдүү, анан да дароо сегиз кишинин сөөгүн эч ким алып түшө элек болчу. Владимир Шатаев каза болгон кыздардын жакындары менен бир топко чейин акылдашып, сүйлөшкөндөн кийин гана алардын сөөгүн алып түшүүнү чечет.

Бир жыл камылга көрүшөт. Альпинисттерди кыйноого салганы – бул операция июнга белгиленгени, ал эми бул ай андай бийиктикке чыгууга али эртелик кылат. Чет өлкөлүктөр мунун баарын көрбөсүн деп эл аралык альплагердин ачылышына чейин жетишүү зарыл эле.
"Совет убагы беле, бир эреже бар болчу. Эгер эки же андан ашык киши каза болсо, анда басма сөз ал туурасында маалымдабайт. Эч качан эч жерде кырсык болгон эмес, бардык жерде баары жакшы", — деп баяндайт Владимир Шатаев.
Альпинист кыздардын сөөгү алар набыт болгондон бир жылдан кийин — 1975-жылы жерге берилген
Маркумдардын сөөгүн алып түшүүгө көмөктөшүүгө даяр альпинисттерди табуу жеңил эле болгон, жүз чакты киши жардамга кол сунган. Владимир Шатаев алардын арасынан 25 мыкты даярдыктагы кишини тандап алат.

Маркумдардын туугандары экспедицияны альплагерде күтүшөт. Аларга бардыгын алып түшүүгө мүмкүн болбой, балким сегиз спортчу тең тоо боорунда калып калары ыктымал экенин түшүндүрүшкөн. Тоолордо эмне болорун алдын ала болжоп болбойт эмеспи. Кудай жалгап, альпинисттер сегизинин тең сөөгүн алып түшүшөт. Салмак менен эмес, тоо боору менен дароо төрт кишинин сөөгүн алып түшүүгө мүмкүндүк берген операция үчүн атайын лебедка (оор нерсени көтөргүч машина) жасалган.
"Мындан сырткары, биз 30 литрдин тегерегинде спирт, 20 литр формалин, дагы бир нерселерди алганбыз. Андай бийиктикте кыздардын жүзү жана алакандарына нымдалган чүпүрөк коюу керек болчу. Антпесе, алар күрөң тартып кетмек", — деп эскерет Шатаев.
Беш альпинист — Эльвира Шатаева, Ирина Любимцева, Ильсияр Мухаметова, Галина Переходюк жана Валентина Фатееванын сөөгү — ушул жакта, мамыр талаасына коюлат. Алардын мүрзөсүнөн кийин Ленин чокусу көрүнөт. Үч кыздын — Людмила Манжарова, Нина Васильева жана Татьяна Бардашованын сөөгүн туугандары алып кеткен.

...Шатаеванын тобунун өлүмүнөн соң советтик альпинизмде бир эреже пайда болгон. Командада бирден ашуун аял киши болбойт. Эверестти багындырган альпинист Дмитрий Греков бул норма альпинисттик коомчулукту катуу дүрбөлөңгө салганын эскерет.
Шатаеванын тобунун өлүмүнөн соң советтик альпинисттер командага бирден ашык аял кишини кошууга тыюу салышкан
"Канчалаган кыздарыбыз ушул эреже үчүн ыйлап жүрүштү. Бийиктикти багындырууга аттанууга акысы бар, бирок аларды эч ким кошпойт. Себеби топко эбак бир кызды кошуп алышат. Ошентип кыздарга улам кийинки сапарды күтүүгө туура келген. Союз убагында тартип катуу болчу", — дейт ал.
Альпинисттер али күнчө "кыздарды сактап калуу үчүн эмне кылуу керек эле?" деп суроо салышат. Жергиликтүү тургундар аларга тик учак жөнөтө алмак. Бирок тик учактар анчалык бийикте учпайт. Азыр кокус ошондой кырсык болсо сактап калар белек?

Балким топтун мүчөлөрү андай бийиктикке жетишерлик түрдө көнүп кете албагандыр. Мүмкүн ошол команданын түбүнө бийиктикти траверс (туурасынан) ыкмасы менен багындыруу аракети жеткендир. Же жондоруна оор рюкзак асынган кыздар катуу чарчап-чаалыгып, кайра күч топтой албай калышкандыр...

Спортчу кыздар ооруп калган курбуларын таштап кете албагандыктан, топ толугу менен набыт болду деп боолголойт айрым альпинисттер.
"Фатеева менен Васильева үзүлүп баратканда кыздар аларды таштагысы келбей, жанында калышкан. Бул ошондой бир психологиялык туруктуулук же тескерисинчедир. Бирок ошондой болгон", — дейт Шатаев.
Башта Владимир Шатаев Эльвиранын сөөгүн Москвада жерге берүүнү ойлогон. Жергиликтүү бийлик да буга уруксат берген. Бирок кийин альпинист маркум курбуларынын жанында коюлганы оң болор деген чечимге келиптир...

Кандай болгон күндө да ошол сегиз альпинист Ленин чокусун биринчилерден болуп багындырган кыздар тобу болуп түбөлүккө кала берет.
Автор
Асель Минбаева

Булактар
ачык маалымат булактары

Фото
Сүрөттөр Владимир Шатаевден алынды

Дизайнер

Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0