Эгемендүүлүктөн бери Бишкекти канча мэр кайсы маалда башкарган. Инфографика

Жазылуу
Бишкек шаарынын жетекчилигинин улам-улам алмашып жатканына бир жылдай болуп калды. Борбор калаанын 1991-жылдан берки жетекчилери канча убакыт кызматта отурганын Sputnik агенттигинин инфографикасынан көрүңүздөр.

2021-жылдын 12-августунда Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кайра алмашып, кызматка Айбек Жунушалиев келди. Андан мурда Таалайбек Сарыбашов 10 эле күн иштеп, кызматын тапшырган. Кадрдык алмашуулар өткөн жылдын октябрь айынан бери токтобой жатат. Sputnik Кыргызстан 1991-жылдан бери шаарга кимдер мэр болгонун эстеп, кызматта канча отурганын салыштырды.

Мэрлердин кызматтагы мөөнөтү "милдетин аткаруучу" болуп турган кездери кошулуп эсептелди. Инфографикага 2020-жылдын октябрынан бери мэрдин милдетин аткаргандар да киргизилди.

Шаар башчыларынын ичинен Медетбек Керимкулов рекорд койду. Ал мэрлик кызматты дээрлик алты жыл аркалаган (1999-жылдын 27-апрелинен 2005-жылдын 20-апрелине чейин). Экинчи орунда Иса Өмүркулов, үч жыл сегиз ай башкарган (2010-2013-жылдары). Үчүнчүдө Борис Силаев турат. Ал мэрлик кызматты үч жылдан ашык аркалаган (1995-1998-жылдары).

Жаңылыктар түрмөгү
0