21:03 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Инфографика

Бишкектеги батирлердин 2021-жылдын январына карата баасы

Кыскача шилтеме алуу
0 0
Бишкектеги батирлердин 2021-жылдын январына карата  баасы

Борбор калаадагы батирлер январда орто эсеп менен 2020-жылдын декабрь айына салыштармалуу кымбаттады. Бирок үч бөлмөлүү "хрущевкалар" арзандаган.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектеги батирлердин ижара акысы тууралуу жазып келген. Мындан ары алардын сатылыш бааларына дагы байкоо салып турат. Бул материалды даярдоодо 2 111 жарнама каралды.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар кыл типтеги бир, эки, үч бөлмөлүү, 104, 105, 106-сериядагы жана "хрущевка", андан сырткары, өзүнчө типтеги батирлердин бааларын көрсөттүк.

Батирлер январь айында орто эсеп менен 2020-жылдын декабрь айына салыштармалуу кымбаттады. Мисалы, өзүнчө типтеги бир бөлмөлүү батирлердин баасы 1000 долларга көтөрүлдү. Ал эми 105-сериядагы батирлер — 500, өзүнчө типтеги эки бөлмөлүү батирлер 3 800 долларга жогорулаган. 106-сериядагы батир үчүн мурдагыдан 2 200 долларга көбүрөөк акча берүүгө туура келет.

Бирок ушул эле 106-сериядагы бир бөлмөлүү батирлер менен "хрущевкалар" бир аз арзандаган. Мисалы, үч бөлмөлүү "хрущевканы" 1 100 долларга мурдагыдан арзан сатып алса болот.

 

Ачык булактагы маалыматтар боюнча бир бөлмөлүү батирлердин январь айындагы баасы:

  • 104-серия — 30 500 доллар (24 000 - 34 500 доллар);
  • 105-серия — 28 900 (20 000 - 36 900);
  • 106-серия —31 500 (24 500 - 45 000);
  • "хрущевка" — 26 400 (20 000 - 35 000);
  • өзүнчө типтеги батирлер — 30 000 (12 500 - 57 500).

 

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 36 600 (25 000 - 45 000 доллар);
  • 105-серия — 41 700 (33 500-56 000);
  • 106-серия — 46 100 (35 000 - 68 000);
  • "хрущевка" — 32 900 (24 000 - 45 500);
  • өзүнчө типтеги батирлер — 41 900 (20 000 - 90 000).

 

Үч блмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 44 100 (35 500 - 59 000 доллар);
  • 105-серия — 53 100 (35 900 - 76 500);
  • 106-серия — 58 100 (44 000 - 75 000);
  • "хрущевка" — 39 000 (35 000 - 48 500);
  • өзүнчө типтеги батирлер — 60 100 (20 000 - 180 000).
Белгилер:
баа, батир, Бишкек

Дагы инфографика

  • Жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумдагы добуш берүүнүн жүрүшү
    Акыркы жаңылоо: 11:06 11.04.2021
    11:06 11.04.2021

    Референдумга катышкан шайлоочулардын саны. Улам жаңыланган график

    Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен катар өтүп жаткан жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга катышкандар тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстандын жаңыланган материалынан окуңуз.

  • Кыргызстанда декабрдан бери седандардын баасы кандай өзгөрдү
    Акыркы жаңылоо: 11:33 04.04.2021
    11:33 04.04.2021

    Айрымдары 500 долларга чейин кымбаттады. Унаа базарындагы азыркы абал

    Апта сайын Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү автоунаалардын базар баасы тууралуу маалыматтарды чыгарат. Бул ирет 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын апрелине чейин седан кузовундагы автоунаалардын баасы канчалык өзгөргөнүн аныктап көрдүк.

  • 2021-жылдын орозо календары
    Акыркы жаңылоо: 15:22 02.04.2021
    15:22 02.04.2021

    2021-жылдын Орозо календары

    Быйыл Орозо (Рамазан) айы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, 13 же 14-апрелге туш келери болжолдонууда.

  • Мамлекеттик ишканалар кандай киреше табууда? Учурдагы абалы
    Акыркы жаңылоо: 17:10 31.03.2021
    17:10 31.03.2021

    Мамлекеттик ишканалардын азыркы абалы

    Учурда республика аймагында 104 мамлекеттик ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Алардан өткөн жылы өлкө казынасына 521 миллион сомдон ашык акча түшкөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөттүн карамагындагы ишканалардын абалына, тапкан кирешелерине кызыгып көрдү.

ЭҢ МААНИЛҮҮ