Кыргызстанга жалпы эреже менен машина алып кирүү канча турат. Калькулятор

Жазылуу
Биздин калькулятордун жардамы менен Кыргызстанга ЕАЭБдин жалпы эрежелеринин негизинде автокөлүк алып кирүү канча турарын эсептеп алсаңыз болот.

Биз сунуштаган ыңгайлуу калькулятор үчүнчү өлкөлөрдөн келген жеңил автоунаалардын өлкө ичине алып киришине канча акча кете тургандыгын эсептеп берет. Баса, буга электромобилдер кошулбайт.

Декларация толтурууда бажы төлөмүн жалпы схема менен эсептеп чыгыш үчүн автокөлүктүн чыккан жылын, евро акчасы менен баасын жана кыймылдаткычтын кубатын куб сантиметр менен киргизиш керек.

Эске сала турган нерсе – жыйынтык евро менен чыгат.

Бажыдан жалпы эрежелер менен өткөрүү үчүн ЕАЭБдин Бажы кодексинин 108-беренесинде көрсөтүлгөн төмөнкү документтерди көрсөтүү зарыл:

  • Автоунааны саткан-сатып алган келишими;
  • транспорттун паспорту;
  • ташып келүү боюнча келишим;
  • камсыздандыруу келишими;
  • анын кайда жасалганын тастыктаган документтер.

Мындан сырткары, бажы алымы ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифи менен бекитилген ставка боюнча эсептелет. Анын суммасы автоунаанын чыккан жылына карата эсептелет. Транспорт канчалык жаңы болсо, алым ошончолук аз болот:

  • 2018-2020-жылдары чыккан машиналар жаңы деген категорияга кирет. Алардын бажы алымынын 10-15 пайызы кыймылдаткычтын көлөмүнө карата алынат;
  • 2017-2015-жылдары чыккан автоунаалар төмөнкү алгоритм боюнча саналат: анын баасынын 20 пайызын же 0,36дан 0,80ге чейинки еврону кыймылдаткычтын көлөмүнө көбөйтүш керек. Эки варианттын ичинен көбүрөөк чыкканы бажы алымы болуп эсептелет.
  • 2014-жылы чыккан жана андан эски автоунаалардын бажы алымы 1 куб сантиметрге 1,4төн 3,2 еврого чейин эсептелет.

Бажы алымына автотранспорттун бажылык баасынын 12 пайыз көлөмүндөгү кошумча нарк салыгы кошулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0