Тойдо ок аткан бала... Өзгөндөгү окуянын видеосу жана чоо-жайы

© Фото / пресс-службе УВД города ОшСтрельба в воздух в Узгенском районе
Стрельба в воздух в Узгенском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Жазылуу
Кармалган киши куралды Москвадан келе жатып сатып алганын билдирген. Анын айтымында, бул жөн гана үн менен жарык чыгарган курал болуп эсептелет.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Өзгөн райондук милициясы курал менен асманга бир нече ирет ок чыгарган 20-25 жаштагы кишинин WhatsApp-каналынан тараган видеосу боюнча текшерүү ишин жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБ билдирди.

Маалыматка караганда, факты Жоруктар кодексинин 121-беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын жүрүшүндө 38 жаштагы Зергер айыл өкмөтүнүн Х.А.С. аттуу тургуну кармалган. Ал ИЖ-161 ПС үлгүсүндөгү куралды Россиядан 32 миң рублга сатып алганын билдирип, төмөнкүлөрдү айтып берген.

"Москвада көп жылдан бери жашайм. 21 жаштагы баламды үйлөнтүү үчүн сентябрь айында Кыргызстанга келгем. Москвадан куралды сатып алып жатканда сатуучу буга эч кандай уруксат кагаздын кереги жоктугун, себеби бул жөн гана үн чыгаруучу автомат экенин түшүндүргөн. Мындан улам баламдын тоюнда атам деп сатып алгам. Аэропорттон мени тоскоолдуксуз коё беришкен. 25-сентябрда баламдын дос балдары Ош шаарындагы тойго кетип баратып үйдүн короосунан аткылашкан", — деп билдирген Х.А.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында далил буюм катары алынган ИЖ-161 СХ-АК74М 5,45х39 20816834 үлгүсүндөгү үн чыгарып жарык берүүчү куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалды. Текшерүү иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0