Кыргызстанда 5 баллдык жер титирөө болуп, сейсмологдор тынчсызданууда

© AFP / OLIVIER MORINСейсмографтын маалыматтары. Архив
Сейсмографтын маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө бүгүн түштөн кийин болгон. Сейсмологдорду анын күчү эмес, очогу жайгашкан жер тынчсыздандырып жатат.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстандын түштүгүндө очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов билдирди.

Жер титирөө 16:28де катталган. Анын очогу Баткен облусунун Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы Пүлгөн айылына жакын жерде жайгашкан. Жабыркагандар жана кыйроолор жөнүндө маалымат жок.

Абдрахматовдун айтымында, мындай жер титирөөдө үйлөрдөн жарака кетиши мүмкүн.

"Ноябрь айында катталган жер титирөөнүн очогунан анча алыс эмес жайгашкандыгы кооптондуруп жатат. Мындан ары күчтүү жер титирөөлөр болбойт деп ойлойм, анткени аймак салыштырмалуу тынч, бирок байкоо салып турабыз", — деди институттун башчысы.

6-ноябрда Баткен облусунун очогунда күчү 6,5 баллдык жер титирөө катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0