Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан алты киши каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи автомобильных наездов в Кыргызстане
Случаи автомобильных наездов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй ЖКККББсы каза болгондордун арасында балдар жок экенин кошумчалады. Бардык материалдар Жайыл райондук Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилген.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыктан алты киши мерт кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Сосновка айылында Lexus RX350 үлгүсүндөгү кроссовер менен жүк ташуучу унаанын кагышканы айтылган. Кагылышуудан кийин тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланган.

Катуу сүзүптүр! Ырчы Асел Кадырбекова кабылган кырсыктын видеосу чыкты

"Сосновкадан анча алыс эмес жерде жайгашкан Бекетай айылынын тушунан Lexus RX350 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен. Жыйынтыгында жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсыктан алты киши мерт кеткен, анын баары жолтандабастын жүргүнчүлөрү болчу", — дешти маалымат кызмат өкүлдөрү.

Чүй ЖКККББсы каза болгондордун арасында балдар жок экенин кошумчалады. Бардык материалдар Жайыл райондук Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0