20:15 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.9200
  • EUR82.8348
  • RUB1.0711
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
414 0 0

Окуя 2019-жылдын жай мезгилинде болгон. Анда эки киши аёосуз сабалып, кылмышка шектүүлөр милицияга өздөрү келген.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жал кичи районундагы дүкөндүн жанынан эки жигитти аёосуз сабады деп камалгандар эркиндикке чыгарылган жок. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Буга чейин активист Адил Турдукулов соцтармакка "эки жигитти аёосуз сабагандар милициянын колдоосу менен эркиндикке чыгыптыр" деп жазган.

​Бишкек ШИИБ кармалгандар соттун чечимине ылайык, 31-мартка чейин камакта болушарын айтты. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине милициянын Кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Кийин шектүүлөр милицияга өздөрү келген. Алар бир туугандар Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбеков экендиги белгилүү болгон. Ал эми милициядагы бир тууганы Казыбек Бапышев иштен алынып, кийинчерээк колго түшүрүлгөн.

 

Тема боюнча

Эртең менен Бишкекте кемпирди автоунаа коюп кетип көз жумду. Видео
Милиция митинг учурунда ЖК кызматкерлерине кол көтөргөн аялдарды издеп жатат
Белгилер:
эркиндик, шектүү, мушташ, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ