Милиция митинг учурунда ЖК кызматкерлерине кол көтөргөн аялдарды издеп жатат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМитинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Милиция митинг учурунда Ак үйдүн дарбазасына келип, Жогорку Кеңеште иштеген кызматкерлерге кол көтөргөн аялдарды издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Улан Жумаков кабарлады.

Кечээ, 2-мартта, митингге чыккан 20-30 чакты аял Ак үйгө барып дарбазасын каккылап, кирүүгө аракет кылган. Андан соң жумуштан чыгып бараткан кызматкерлерди жулкулдатып, кол көтөргөн. Алар депутаттардын жана президенттин чыгышын талап кылган.

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Бишкектеги митинги - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги митингди таратууда 166 адам кармалып, анын төртөө камалды
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Эске салсак, 2-мартта саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыккан.
Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппарат кызматкери менен сүйлөшүп кайра келген.
Ал арада чогулган элдин бир тобу кээ бир уюштуруучулардын кебине кулак салбай Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Ал жерден милиция менен тирешип калган. Бирок милиция демонстранттарды "Ала-Тоодон" басымы жогору суу, жаш агызуучу газ колдонуп сүрүп чыгарган.

Айрым аялдардын жоругун бул видеодон көрө аласыз.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0