00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аялдар Ак үйдүн дарбазасын каккылап... Бишкектеги митингдин баштан-аяк видеосу

Жазылуу
2-мартта абактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылып миңден ашуун адам митингге чыкты. Алар саат 13.00дө "Ала-Тоо" аянтына чогулду. Митингге өлкөнүн ар аймагынан жаштар, аялдар жана аксакалдар келишкен.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Алар кезектешип трибунага чыгып түрдүү талаптарын айтып жатышты. Эң негизги талабы — Садыр Жапаровду бошотуу. Болгондо да бүгүн камактан чыгарып, эл алдына алып келүү талабын коюшту.

Митингчилердин 10 өкүлү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугууга аракет кылып, Ак үйгө барышты. Аларды президенттик аппараттын кайрылуулар бөлүмүнүн жетекчиси Саякбай Субанов кабыл алып, талаптарын жеткирүүнү убада кылды. 

Качпагыла! Милициянын митингчилерди үйлөрдү аралата кууган видеосу  - Sputnik Кыргызстан
Качпагыла! Милициянын митингчилерди үйлөрдү аралата кууган видеосу
Экс-депутаттын агасы Сабыр Жапаров эл алдына чыгып президент аларды үч күндүн ичинде кабыл алышы мүмкүн экенин билдирди. Мындан улам ал "үч жыл деле күттүк, эми үч күн күтүп коёлу" деп элди тынч тарап кетүүгө чакырды. Деген менен жаалданган эл анын тилин албай, митингди уланта берди.

Саат 17.00дөн кийин 20-30 чакты аял Ак үйгө барып дарбазасын кагып, жумуштан чыгып бараткан кызматкерлерге да айбат көрсөтүштү. Алар депутаттардын жана президенттин чыгышын талап кылышты.

Бүгүнкү митингдин уюштуруучулары акцияны саат 17.00гө чейин өткөрүүгө уруксат алышкан, бирок чогулгандар өз убагында тараган жок.

Алар Ак үй тарапка бет алып Чүй проспектисин бөгөп алышты. Мындан улам күч түзүмдөрү саат 18.20 чамасында суу чачып, көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундуруучу граната колдонуп, "Ала-Тоо" аянтынан сүрүп чыгарды. Басымдуу бөлүгү Орозбеков жана Панфилов көчөсү менен жогору көздөй чыкты. Каршылык көрсөткөндөр да болуп күч түзүмдөрүнө карата таш ыргытышты, милиция кызматкерлери болсо жооп кайтарды.

Сотрудники правоохранительных органов с собаками во время силового разгона сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Көзүнөн жаш аккан милиционер, дегдеңдеген киши. Бишкектеги митингден 14 сүрөт
Укук коргоочулар элди Панфилов менен Лев Толстой көчөсүнө чейин сүрүп чыгарып, артка кайтышты. Бир сааттан кийин, саат 20.30дар чамасында, күч түзүмдөрү калаадагы коомдук тартипти көзөмөлүнө алды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги башаламандыктан бир кызга желим ок тийип, жеңил жараат алганын билдирди. Ал эми укук коргоо органдарынан бирөө көкүрөк тушка, экинчиси ийининен жеңил жаракат алганы айтылды. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов башаламандыкта 100дөй адам кармалганын кабарлады. Ал эми митингдин уюштуруучулары Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров (Садыр Жапаровдун агасы) жана Амангелди Артыков УКМКга алып келингенин билдиришти.

Садыр Жапаровдун камалышы

Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан Бишкекке кирип келе жатканда кармашкан. Буга анын Кумтөр маселесине байланыштуу митинги себепкер болгон. Ага Кылмыш кодексинин төрт беренеси менен иш козголгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутатын кишини барымтага алды деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Мамлекет башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан болчу.

Жапаров абакта отурган жылдары — 2017-жылы атасы Нуркожо Мустали уулу, 2019-жылы энеси Кадича Жапарова жана уулу Дастан каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0