Бишкекте 9 жаштагы окуучу изделүүдө

© Sputnik / Асель АкматалиеваСнегопад в Бишкеке
Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тестиерди акыркы жолу бүгүн, 22-декабрда, саат 11:30дарда “Айчүрөк” дүкөнүнүн жанындагы жер алдындагы өтмөктөн көрүшкөн.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкекте 9 жаштагы Иса Чолпонбаев аттуу бала жоголуп кеткенин анын апасы социалдык тармактарга жазып билдирди. Маалыматты шаардык милициядан тастыкташты.

Тестиерди акыркы жолу бүгүн, 22-декабрда, саат 11:50 чамасында “Айчүрөк” дүкөнүнүн жанындагы жер алдындагы өтмөктөн көрүшкөндүгүн айтышты.

“Бала көк күрмө, боз топу жана көк өтүк кийип жүргөн экен”, - дешти шаардык милициядан.

Окуучунун кайда экенин билгендер болсо 0 (774) 99-17-05, 0 (707) 53-69-60 же 102 телефон номерлерине билдирип коюуну өтүнүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0