Бишкектеги дүкөндөн интим товарлар уурдалып, 18 жаштагы балдар кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүСекс-магазин Интим
Секс-магазин Интим  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция Бишкектин аймагында ноябрь-декабрь айларында 19 уурулук жана алдамчылык фактысын каттоого алган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкектеги Панфилов көчөсүндө жайгашкан 10 миң сомдук интим товарлар уурдалып, шектүү катары 18 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПодозреваемые в краже магазина по улице Панфилова в Бишкеке
Бишкектеги дүкөндөн интим товарлар уурдалып, 18 жаштагы балдар кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Подозреваемые в краже магазина по улице Панфилова в Бишкеке

12-декабрь күнү борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал товарларды, жети миң сомду жана уюлдук аппаратты уурдап кеткендерге чара көрүүнү өтүнгөн.

Неуклюжие воры рассмешили соцсети, пытаясь украсть телевизор. Видео - Sputnik Кыргызстан
Телевизор уурдагандардын кылыгы соцтармакты күлкүгө салды. Видео
Колго түшкөндөр ошол эле күнү Панфилов көчөсүндөгү имараттардын биринен 1860 сом, Nokia аппаратын, спирт ичимдиктерин жана кальянга керектүү жабдыктарды уурдаган деп шектелүүдө.

Жалпы жонунан ноябрь-декабрь айларында милиция алдамчылыкка шектелген 14 кишини колго түшүргөн.

ШИИББдин маалымат кызматы Facebook тармагындагы баракчасына эки айда 19 кылмыш иши катталганын жазып, аларга колго түшкөн шектүүлөрдүн тийиштиги болушу мүмкүндүгүн болжоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0