Бир туугандар эле... Сүлүктүдөгү шахтада каза болгондор тууралуу

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 10-декабрда, Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан шахтада төрт жумушчу газга ууланып каза тапкан.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада каза болгон төрт кишинин экөө бир туугандар болгон. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маркумдардын төртөө тең Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбике айылында жашачу. Алардын эң улуусу 42 жашта, кичүүсү 23 жашта болгон. Ал эми бир туугандар 32 жана 34 жашта экени кабарланды.

Айыл тургундарынын айтымында, эң кичүү жигиттен башкасынын баары үй-бүлөлүү болгон. Алар ошол шахтада көмүр казып тиричилик кылышчу.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-декабрда, Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан “Ормон” ЖЧК шахтасында иштеп жаткан төрт жумушчу газга ууланып каза тапкан
Куткаруучулар мерт болгон адамдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0