Москвада Лейлекте туулган 24 жаштагы жигит бычак жеп көз жумду

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган адам. Архив
Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши өлтүрүү фактысы боюнча Москва шаарына караштуу Пресненский райондук тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында туулган 24 жаштагы С.А.Т. аттуу киши Москвада бычак жеп каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Москва шаарына караштуу Пресненский райондук тергөө бөлүмү аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда элчилик менен маркумдун туугандары "жүк-200дү" Кыргызстанга жеткирүү маселесин чечишүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0