Ысык-Көлдө мас күйөөсүнөн коргоном деп бычак сайган аял кесилип кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармап турган кыз. Архив
Бычак кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кожойке өзүн коргоп үй-бүлө башчысын бычак менен сайып жиберген, ал эми жабырлануучу Тез жардам кызматы келгенче эле көз жумган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдө күйөөсүн ашкана бычагы менен жүрөккө сайып өлтүргөн келин беш жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Соттолуучу аял үйүндө тамак жасап жаткан маалда жолдошу мас болуп келип ага кол көтөргөн. Өзүн коргойм деген кожойке үй-бүлө башчысын бычак менен сайып жиберген. Эркек окуя болгон жерде Тез жардам кызматы келгенче көз жумган.

51 жаштагы айыпталуучу сот отурумунда кылганын жарым-жартылай мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

"Жолдошум менен 25 жыл бирге жашадым, жасаган ишиме аябай өкүнөм. Мурда ал мага жана кыздарыма да кол көтөрчү. Ошонун айынан бир кызым төрөй албай жүргөн. Күйөөмдү өлтүрөйүн деген такыр оюм жок болчу", — деп билдирген айыпталуучу.

Фемида өкүлдөрү аялды беш жарым жылга темир тор артында калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0