Лейлекте 25 жаштагы жигитти өз үйүнөн желкеге атып кетишти

© AFP / JEAN-FRANCOIS MONIERОткрытие охотничьего сехона во Франции
Открытие охотничьего сехона во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 27-октябрь күнү түнкү саат 00.30дар чамасында болгон. Оор жаракат алган жигит ооруканага жетпей көз жумган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Бешкент айылында 25 жаштагы жигит ок жеп каза тапты. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 27-октябрь күнү түнкү саат 00.30дар чамасында болгон.

"25 жаштагы жигит үйүнөн сыртка чыгып кайра ичкери кирип бара жатканда белгисиз адам сайсыз курал менен желкеге аткан. Оор жаракат алган киши ооруканага жетпей көз жумган. Ал эми шектүү из жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери 28-октябрь күнү шектүү катары айылдын 48 жаштагы тургунун колго түшүрдү. Факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0