Жардан автоунаа кулап, жубайлар көз жумду. Ноокендеги кырсыктын сүрөтү

© Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской областиЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда жолдон чыгып кеткен автоунаа жардан кулап, күйөөсү менен аялы мерт болду
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жолдон чыгып кеткен автоунаа жардан кулап, күйөөсү менен аялы мерт болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын алдын ала билдирген маалыматына караганда, автокырсык айдоочунун рулду башкара албай калгандыгынан улам болгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жолдон чыгып кеткен автоунаа жардан кулап, күйөөсү менен аялы мерт болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской областиЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда жолдон чыгып кеткен автоунаа жардан кулап, күйөөсү менен аялы мерт болду
Жардан автоунаа кулап, жубайлар көз жумду. Ноокендеги кырсыктын сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жолдон чыгып кеткен автоунаа жардан кулап, күйөөсү менен аялы мерт болду

Жол кырсык 28-октябрь күнү болжол менен саат 10:00дөр чамасында Бүргөндү — Майлуу-Суу жолунда болгон.

Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, 63 жаштагы киши рулду башкара албай калып, автоунаа жолдон чыгып кетип, жардан кулап сууга түшкөн. Мунун кесепетинен айдоочу жана анын жанында бара жаткан аялы ошол жерден мүрт кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0