Кантта инспекторлордон качкан айдоочу ок жеп жаракат алды

© Sputnik / Нурис АлымбаевГарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо
Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу рулда баратып телефон менен сүйлөшкөнү үчүн инспекторлор ага "токто" деген белги берген. Бирок ал баш ийбестен каршы тилкеге чыгып качып жөнөгөн.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жол эрежесин бузууга жана милиция кызматкерлерине баш ийбей коюуга шектелген киши качып бараткан жеринен ок жеп жаракат алды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, окуя 12-октябрь күнү саат 18.15тер чамасында Кант шаарынын борбордук бөлүгүндө болгон. Милиционерлер шектүүгө ок чыгарууга аргасыз болушкан.

Автоинспекторлор Lexus GX-470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун телефон менен сүйлөшүп баратканын байкап калышкан. Буга байланыштуу ага "токто" деген белги беришкен. Бирок айдоочу ага баш ийбестен инспекторлорду коюп кете жаздап, каршы тилке менен айдап жөнөгөнү айтылды.

"Инспекторлор маякты күйгүзүп артынан кууп жөнөшкөн. Lexus унаасынын айдоочусу авариялык абалды түзүү менен адамдардын коопсуздугуна коркунуч жараткан. Милиция кызматкерлери аны ашып өтүүгө аракет жасашкан, бирок ал буга жол берген эмес", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангуловдон ок жеген жаран - Sputnik Кыргызстан
Мени аткан милиционерге дооматым жок. Ок жеген жабырлануучу үн катты
ЖКККББдан билдиришкендей, алгач эскертүү иретинде табелдик тапанчадан асманга ок атылган. Бирок айдоочу баш ийбей койгондуктан унаанын дөңгөлөгүн атып токтотушкан.

"Айдоочу эскертүүлөргө карабастан милиция кызматкерлеринин куралын жулуп алууга аракет жасаган. Ушул себептен улам ага карата ок атылган. Саат 19.20да ал ооруканага жеткирилген", — дешти милициядан.

Факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ошондой эле унаа 1991-жылы туулган М.У.Х. аттуу кишиге таандык экени аныкталып, унаа Кыргызстандын аймагында каттоого алынбаганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0