Баткенде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Исфана в Лейлекском районе Баткенской области
Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер болжол менен 16:45те силкинген.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Баткен облусунун аймагында 15-июлда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Жер болжол менен 16:45те силкинген. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Сары-Өтөк, Совет жана Кызыл-Коргон айылдарында  5 балл болгон.

Андан кийинки 4 баллдык силкинүү Баткен жана Кадамжай шаарларында, Кадамжай районунун Тескей, Кара-Шоро, Кыргыз-Кыштак, Баткен районунун Бужум, Боз-Адыр, Согмент, Кыштут, Самаркандек айылдарында  катталган.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
3 балл — Кызыл-Кыя шаарында, Лейлек районунун Кара-Суу айылында. Баткен районунун Табылгы, Сары-Талаа айылдарында, Ош облусунун Ноокат районунун Найман, Борбаш, Жаңы-Ноокат айылдарында болгон.

Байкалып-байкалбаган 2 баллдык жер титирөө Ош шаарында, Ноокат районунун Ноокат, Жапалак айылдарында сезилген.

Ал эми андан 10 мүнөттөй эртерээк Ак-Суу районунун Май-Саз айылында 2,5 балл болгон.

ӨКМден жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0