19:33 16 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.7838
  • RUB1.0841
АН-28 учагы. Архив

Учакты барымтага алган эки өспүрүм Африкага учуп кетмек... Караколдогу чуулуу окуя

© Sputnik / Виталий Савельев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
3579 0 0

Мындан 29 жыл мурун азыркы Каракол шаарында 17 жүргүнчүсү бар учак барымтага алынып, коомчулукту дүң кылган.

Ал окуядан кийин өлкө аймагындагы бардык аба майдандарынын коопсуздугу текшерилип чыккан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги так ошол авиациялык чатактын чоо-жайын архивдик документтер жана окуянын катышуучулары менен тактап көрдү.

Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында 1990-жылдын 2-сентябрында 17 жүргүнчүсү бар учакты эки кылмышкер басып алат. Алар Ысык-Көлдөгү аэропорттун тосмосун ашып өтүп, жүргүнчүлөр отурган АН-28 учагынын ичине жардыруучу каражат бар делген баштык жана бычак алып кирген.

Архивдик документтерге ылайык, окуя чаламандын чак түшүндө, саат 12.30дар чамасында болгон. Ошентип Пржевальск — Фрунзе каттамы кармалып калат. Негизи шектүүлөр аны менен борбор калаага учуп барып, андан ары ошол эле учак менен Түштүк Африка Республикасына жетүүнү көздөгөн. Алгач аэропорт кызматкерлери муну КГБнын машыгуусу деп ойлогон. Бирок чекисттер мындай мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүү алдында сөзсүз эскертүү бермек. 

© Фото / Центральный госархив КР
Учакты барымтага алган окуяны иликтеген атайын комиссиянын корутундусу

Бир нече адамдын өмүрүнө коркунуч жараткан окуяда шектүүлөр менен пилоттор, аэропорт кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жүргүнчүлөрдүн бардыгын аман-эсен бошотуп алган. 

Кылмышкерлер жарандык аба кемесин басып алганда анын ичинде учкучтар болгон эмес. Кол салгандар пилоттордун келишин талап кыла баштаган. Убакыттан пайдаланып учактагы алты адам качып кеткенге үлгүргөн. Ал эми аэропортто иштеген Токтобүбү Давлетшаева "Силерге эмне болду? Каякка учушуңар керек эле же билет керекпи?" деп куралчандарды сөзгө тартууга аракет жасаган.

Токтобубу Давлетшаева
© Фото / из личного архива Токтобубу Давлетшаевой
Токтобүбү Давлетшаева Караколдогу аба майданда 1970-жылдардан бери эмгектенген

Ошол учурду ал мындайча эскерет:

"Ал күнү мен сменанын начальниги болчумун. Жүргүнчүлөрдү каттоодон өткөрүп, биздин кызматкердин коштоосунда учакка жөнөткөм. Бир кезде эле кесиптешим "эже, самолетту басып алышты" деп чуркап келип калды. Мен "кантип, ким басып алды" деп ал жакка чуркап жөнөдүм. Ичине кирсем, үч бала бар экен. Экөөсүнүн колунда бычак, үчүнчүсү зымдары чыгып калган баштыкты асынып алыптыр. Мен балдарга "каякка учушуңар керек эле же билет керекпи?" дедим. Жапжаш эле балдар экен, сөгүнүп-сагынып абага көтөрүлүүнү талап кылышты. Бир маалда бир бөйрөгүм муздап кетти, карасам бирөөсү бычак такап туруптур. Мен ага "энеңдей болгон адамды эмне кылып жатасың" десем, кое берип жиберишти", — деди Давлетшаева.

Ошондой эле ал учак ичинде коркуп отурган кош бойлуу келинди, баласы менен бараткан кемпирди сүйлөшүп кое бердиргенин кошумчалады.

Аэропорттун кызматкерлери кылмышкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада үч адам бошотулганы архивдик документтерде да жазылган. Бирок окуяны изилдеген комиссиянын кагаздарында эки гана кылмышкер болгондугу көрсөтүлгөн.

Ошол маалда укук коргоо кызматкерлери келгенче учкучтар убакытты созуу үчүн куралчандарды алдап, амалкөйлүк кылып учакка күйүүчү май куюп, техникалык кароодон өткөрүү зарыл экендигине ынандырышкан. Ошентип учак ичинде кылмышкерлер менен өмүрүн тобокелдикке салган пилоттор эле калган. Укук коргоо кызматкерлери аба майданына окуя башталгандан 45 мүнөт өткөндөн кийин келген. Аскерлештирилген күзөтчүлөр учактын алды жагына автоунааны токтотуп, АН-28ди курчоого алган.

Кийинки сүйлөшүүлөр курч өтүп, барымтага алынган учактын ичине аэропортто иштеген жумушчу катары КГБнын кызматкери кирүүгө үлгүргөн. Кылмышкерлерди колго түшүрүү операциясы башталганда пилотторго акырын окуя болуп жаткан жерден алыстоого буйрук берилген. Андан соң эки шектүү күч менен кармалган. Анын бири Токмоктогу ири ишканалардын биринде эмгектенген 15 жаштагы Андрей Винников болгон. Экинчиси болсо ошол эле шаардагы Айыл чарбасын механизациялоо жана электрификациялоо техникумунун студенти 16 жаштагы Алим Гаффаров эле. Окуядан жабыркагандар же көз жумгандар болгон эмес.

Эргулдарды кармоо операциясы боюнча Токтобүбү Давлетшаева буларды айтып берди.

"Спецназ келгенде "кичинекей эле балдар экен, ашканада колдонулган бычактар менен жүрөт, акырын эле кармагыла" деп айттым. Бирок мени эч ким деле уккан жок, балдарды катуу ур-тепкиге алып, траптан сүйрөп түшүп, ошол бойдон салып кетти. Көрсө, алар кичинекей банкаларга кум салып жөн эле зымдарды чыгарып койгон экен. Эч кандай бомба болбоптур. Ошол окуядан кийин үч күн ооруп жүрдүм, шок абалында көп нерсени сезбей калыптырмын", — деди ал.

Көпчүлүктү дүрбөлөңгө салган окуядан кийин Транспорт прокуратурасы 3-сентябрда эле эки балага карата кылмыш ишин козгойт. Ысык-Көл облустук соту 1991-жылдын башында ишти карап чыгып Гаффаровду беш жылга эркинен ажыратып, экинчисинин жашы жете элек болгондуктан кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон. Кийин бул чечим Жогорку сотто да өзгөртүүсүз калтырылган.

© Фото / Центральный госархив КР
Эмне себептен окуя болгон жерде милиция кызматкерлери болбогондугун ИИМ мындайча түшүндүргөн

Мындан сырткары, окуянын чоо-жайын толугу менен аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлөт. Бир нече адамдан турган топ бир ай бою болгон каргашанын күңгөй-тескейин тактап чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш, эскертүүлөрдү берип, алешемдиктерди аныктап чыккан. Алсак, комиссия эмнеге аба майданында милиция кызматкерлери болгон эмес деген маселени кабыргасынан койгон. Талап боюнча жүргүнчүлөрдү аэропорттун имаратынан учакка чейин куралчан кызматкерлердин коштоосунда жеткирүү зарыл болгон. Анда ИИМ окуу жылы башталгандыгына байланыштуу көпчүлүк милиционерлер Каракол шаарынын ичинде кызмат өтөп, аэропортту кайтарууга киши болбогондугун жана ага атайын топ каралбагандыгын кабарлашкан. Ошондой эле аба майданы жакшы корулбай, талап боюнча каралган объектилер жок экендигин айтып чыгышкан.

Ошентип каргашалуу окуядан соң Кыргызстандагы бардык аба майдандын тосмолору текшерилип, жарандык авиация мекемелеринин коопсуздугу каралып чыккан.

Ал эми жүргүнчүлөрдү аман сактап калган аэропорт кызматкерлери Александр Французов, Андрей Дергачев, Токтобүбү Давлетшаева, Аманбай Акунов жана Федор Никитин өкмөт тарабынан сыйлыкка татыгандыгы архивдик документтерде жазылган. Бирок окуянын катышуучулары эч кандай көңүл бурулбай, бат эле унутулуп калгандыгын эскеришет.

Жүргүнчүлөрдүн өмүрү үчүн тобокелчиликке баргандардын көпчүлүгү союз тарап кеткенден кийин коңшу өлкөлөргө иштеп кеткен.

Тема боюнча

Авиакырсыктан аман калган Байыш: түтүн каптады, муунуп баратып баары бүттү дедим...
Бала кучактаган эне ак жууркан алдында жатыптыр. Куткаруучу Дастан менен маек
Белгилер:
барымта, учак, авиакырсык, Каракол, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ