Милиция сөөгү дарыядан табылган кишинин тек-жайын тактоого жардам сурайт. Сүрөт

© AFP / PHILIPPE LOPEZМорг больницы в Париже
Морг больницы в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжол менен 30-35 жаштагы азиат түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгү табылган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Чу дарыясынан сөөгү табылган кишинин ким экенин тактоого жардам сурап элге кайрылды.

Маалыматта Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Красная Речка айылынан өткөн суудан болжол менен 30-35 жаштагы азиат түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгү табылганы айтылат.

Өзгөчө белгилери: 

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиГУВД Чуйской области просит опознать тело мужчины, найденное в реке Чу
ГУВД Чуйской области просит опознать тело мужчины, найденное в реке Чу - Sputnik Кыргызстан
ГУВД Чуйской области просит опознать тело мужчины, найденное в реке Чу

Арык чырай, бою 165-170 см. Күңүрт көк түстөгү спорттук шымында Adidas деген жазуусу жана үч катар ак сызыгы бар. Күңүрт көк түстөгү кофтасында Puma деген жазуу түшүрүлгөн, кызыл жакалуу көк футболка кийип жүргөн.

Эгер маркумду таанып-билгендер болсо, Ысык-Ата райондук милицияга кайрылып же төмөнкү номерлер аркылуу байланышууну өтүнөт: 0 (312) 61-69-07, 0 (701) 88-62-95, 0(707) 25-79-02 же 102 кызматына кабарласа болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0