Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолуна көчкү түштү

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта трассаны бир бульдозер жана эки жүктөгүч тазалап жатат.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 78-86-чакырым аралыгына кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-декабрь күнү саат 9.30дар чамасында ар жерге түшкөн көчкүнүн жалпы көлөмү 20 000 куб метрге жетет. Ушу тапта трассаны бир бульдозер жана эки жүктөгүч тазалап жатат. Аталган жол 19-декабрда кечтен тартып аба ырайы турукташканга чейин жабылды.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0