Кызын калкалап ок жеген эне, классташын өлтүргөн өспүрүм. Ноябрдагы соттук 8 чечим

© AFP / LEO RAMIREZ Операция по уничтожению оружия в Каракасе
Операция по уничтожению оружия в Каракасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акча талап кылгандар ата-энесин балдарынын көзүнчө сабаган. Мындай окуя кинодо же башка өлкөдө эмес, Кыргызстанда эле болгон. Кийинчерээк бул кылмыштын башында аял турганы аныкталган.

Узаган ай соттор үчүн кыйын айлардын бири болду. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ноябрь айындагы төбө чачты тик тургузган соттук 8 чечимди сунуштайт.

Кылмыштуу топтун башында аял турган

Жакшы билген үй-бүлөнү тоноо үчүн дагы беш эркек киши таап, аларды баштап алып, каракчылыкка барган жесир аял 25 жылга кесилди.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өз энесин бычактаган уул, рэкетти кокуйлаткан пенсионер. 90-жылдардагы кылмыштар
Кылмышка даярданган аял атайын тапанча, желим балка сатып алган. Бутага алынган үй ээсинин кызы короого чыга калып, беткапчан куралдуу кишилерди көрөт. Кыз үйгө кир дегенге көнбөй кыйкыра баштайт. Муну уккан атасы эшикке чуркап чыгып, ок жейт. Жыгылган үй ээсин каракчылар баса калып, балка менен сабайт. Кызды да аяшпайт.  Денеси менен кызын калкалоого чуркаган  кожейкеге да травматикалык тапанчадан ок жаңылат.

Сабалган жубайлар акыры 16 миң сом кайда катылганын айтышат. Мыкаачылар баарын экинчи кабаттан көрүп турган баланы байкап калышат. Энесинин "кач!" дегенинен карабай бала тутулат. Аялды экинчи кабатка сүйрөп чыгып, баласынын чыкыйына тапанча такашат. Кудай жалгап, ок түгөнүп калгандыктан жеткинчек жарадар болгон эмес. Качкан кылмышкерлер акыры колго түшүрүлдү. Тартип сакчылары бул кылмыштуу топ бир кишини буту-колун таңып, оозун скотч менен чаптап думчуктуруп өлтүргөнүн аныкташкан. Тоноону уюштурган аял чейрек кылымдык өмүрүн эми темир тор артында өткөрмөй болду.

Оюндан от чыгат

8-класстын үч окуучусу курулуш болуп жаткан жерге барышат. Аркы-беркини сүйлөшүп отурган балдардын бири жанындагы классташы качандыр бир кезде апасы жөнүндө жаман сөздөрдү айтканын эстеп кетет. Окуучу "досун" темир менен башка чаап өлтүрүп алат. Үчүнчүсү кырсык болгон жерден качып кетет. Өспүрүмдүн сөөгү бир нече сааттан кийин табылып, ал эми айыптуу баланы сот 10 жылга эркинен ажыратты.

Тилге күйгөн күйөө бала

Абактан качкан Жанботоев: башкалар качканда коркконумдан алардын артынан жөнөдүм - Sputnik Кыргызстан
Абактан качкан Жанботоев: башкалар качканда коркконумдан алардын артынан жөнөдүм
Кайындарынын үйүнө мейманга келген күйөө балдардын бири кайненесинен жээндерине кыргыз тилин үйрөтүүсүн суранат. Ошол маалда бажасы балдарына кыргыз тилинин кереги жоктугун, себеби, Россияга кетүүнү пландап жаткандыгын айтат. Ошентип талашып-тартышкан күйөө балдар ызы-чуу болуп кетип, акырында эне тилге күйгөн күйөө баланын башы жарылып, дагы башка жеринен да жаракат алган. Көрсө, кол көтөргөн бажасы сегиз жылдан бери издөөдө жүргөн экен. Тартип сакчылары аны колго түшүргөндөн кийин, сот беркини сегиз жылга кести.

Эсте калбаган уурулук

Ажырашып жана соттошкон 49 жаштагы аял кол араба менен велосипедди кантип уурдап кеткенин эстей албай кыйналган. Себеби кылмыш жасап жатканда шектүү мас экен. Соңунда бул жолго барганына өкүнгөнүн айтып жан далбас кылганы менен Фемида өкүлдөрү аны беш жарым жылга темир тор артында калтырды.

Айдатканы аз келгенсип…

Үч жаш жигит айылдаш инисинин автоунаасын тоого айдатып барып, арак ичип, андан соң бири 23 жаштагы айдоочуну сабап өлтүрүп салган. Кылмыштын изин жашыруу максатында маркумдун сөөгүн жол боюна көөмп, унааны жок кылып жиберишкен.  Бейкүнөө бирөөнүн канына забын богон киши эми 12 жылдык өмүрүн түрмөдө өткөрөт.

Аялына айып төлөткөн күйөө

Ажырашкан жубайлар балдарын талашып ооруканада урушуп кетишет. Экс-күйөө аялынын баштыгын коридорго ыргытып иет. Буга ачууланган келин эркектин курткасын айрып таштайт… Эми аял балдарынын атасына 20 миң сомго айыпка жыгылды.

Алагүү болуп майып энени сабаган эргул

Мас болуп калган 26 жаштагы эргул тааныш кызынын үйүнө келет. Бийкечтин үйүндө жогун көрүп, анын майып энесин катуу сабап, үч жаштагы ымыркайга да кол көтөргөн. Андан соң пенсионердин сөйкөсүн чечип, чөнтөгүндөгү 3000 сомун шыпырып кеткен. Сот мындай кылмышка барган жаранды тогуз жылга катуу тартип жазасы менен абакка кесип, үй-мүлкүн конфискациялаган.

Жөтөлдүн дарысынын баасы үч жылга татыды

Эркек киши дары сакталган кампага кирип, жалпы суммасы 638 миң сом болгон… жөтөлгө каршы дарыларды уурдап кеткен. Милиция анын изин суутпай таап, сот ага үч жыл өмүрүн түрмөдө өткөрүү чечимин кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0