Милиция Жалал-Абаддагы тойдон чыккан мушташтын чоо-жайын айтып берди

Жазылуу
Мушташка катышкандардын бардыгы мас болгон

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда үлпөт тойдо болгон мушташ боюнча беш киши кармалганын Жалал-Абад шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Мушташ эки башка тойго келгендердин арасында болгон. Кара-Дарыя айылынан келген коноктор Ырыс айылынан келгендер менен мушташкан. Окуя Жалал-Абад шаарына кире бериштеги Курманбек баатырдын эстелигинин тушунда болгон.

Вторые всемирные игры кочевников на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Көлөкө жерге бакканбыз!.. Кыз узатууда эмнелерди эске алуу керек
Ырыс айылынан келгендерди сүрөткө тартып жүргөн фотограф башка айылдын тургундары менен кер-мур айтыша кеткен. Ага болушкан айылдыктар экинчи айылдан келгендер менен мушташкан.

Окуя болгон жерге милиция келип, Кара-Дарыя айылынын беш тургунун кармаган. Фотографтын мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген. Кийин ал Кара-Дарыя айылынын тургундарынын үстүнөн арыз жазган.

Милициянын берген маалыматына ылайык, мушташка катышкандардын баары мас абалында болгон. Аталган факты боюнча кылмыш жаза кодексинин "Бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жалал-Абадда ушундай эле окуя буга чейин катталып, чатак салгандар көчө шыпырып коомдук иштерге тартылган болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0