БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Аксы районунун Коргон айылындагы үйлөрдүн биринен 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кайнене менен келини өлтүрүлгөн. Андан сырткары үйдөн башынан оор жаракат алган 26 жаштагы аял дагы табылган. Учурда ал Аксыдагы райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бирок анын окуя тууралуу милицияга маалымат берүүгө чамасы жок.
Укук коргоо органдары Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда кылмышкерди издөө иштери жүрүүдө.