БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. 6-ноябрда Кеминдеги аймактык ооруканага бычак жеген аял түшүп, өзүнө келбей каза болгон. Аталган факты боюнча дарыгерлер дароо райондук милицияга кабар берген. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүп, каза болгон аял 50 жашта экенин аныкташкан.
"6-ноябрда Орловка шаарындагы үйлөрдүн биринде маркум аял сентябрь айында каза болгон күйөөсүн эскерүү ариетин жасаган. Анда аял менен "Сергей" аттуу кишинин ортосунда кайым айтышуу болуп, ал аялды көкүрөк тушка сайып, изин жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында Кемин РИИБдин кызматкерлери изи сууй электе кылмышка шектүү адамды кармашкан. Ал буга чейин бир нече ирет соттолгон 59 жаштагы жеригиликтүү тургун болуп чыккан.
Тинтүү учурунда анын жанынан 116 грамм кара куурай табылган. Шектүү жаран камакка алынып, бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.