Бишкек — Ош жолунда Honda Fit оор жүк ташыган унаа менен кагышып беш адам каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыгы болгон жердеги тез жардам кызматы. Архив
Жол кырсыгы болгон жердеги тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Honda Fit үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу рулду башкара албай күйүүчү май ташыган унаа менен кагышкан

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда Honda Fit менен күйүүчү май ташыган унаа кагышып беш адам каза болду. Бул тууралуу аймактык милициядан билдиришти. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваБишкек — Ош жолунда Honda Fit менен күйүүчү май ташыган унаа кагышып беш адам каза болду
Бишкек — Ош жолунда Honda Fit менен күйүүчү май ташыган унаа кагышып беш адам каза болду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек — Ош жолунда Honda Fit менен күйүүчү май ташыган унаа кагышып беш адам каза болду
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАлдын ала маалыматар боюнча каза болгондор Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургундары. Арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар экени айтылууда.
Алдын ала маалыматар боюнча каза болгондор Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургундары. Арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар экени айтылууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Алдын ала маалыматар боюнча каза болгондор Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургундары. Арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар экени айтылууда.
1/2
Бишкек — Ош жолунда Honda Fit менен күйүүчү май ташыган унаа кагышып беш адам каза болду
2/2
Алдын ала маалыматар боюнча каза болгондор Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургундары. Арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар экени айтылууда.

Маалыматка ылайык, окуя 8-октябрь күнү саат 11:00 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 423-чакырымында болгон. 

“Кара-Көл шаарына жакын жердеги Беки-Чал аймагында Honda Fit үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу рулду башкара албай күйүүчү май ташыган унаа менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде үч адам мүрт кеткен. Андан башка дагы эки жүргүнчү Кара-Көл шаардык ооруканасына алып бара жатканда жолдон көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө. 

Алдын ала маалыматар боюнча каза болгондор Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургундары. Арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0