Донбасстан келип Жогорку сотко кирүүгө аракет кылган көзгө атар аял кармалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСнайпер. Архив
Снайпер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку соттун имаратына кирүүгө аракет кылган аялдан ок табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция 40 жаштагы аялды 8-сентябрь күнү кармаган. Анын жанынан 7.62 мм калибрлүү ок табылган.

"Тергөө учурунда ал Донбасста көзгө атар болуп иштегенин моюндап, бирок окту Бишкетин жака-белиндеги тирден таап алганын айтты. Учурда бул маалыматтын өзү жана эмне үчүн Жогорку сотко кирүүгө аракет кылгандыгы такталууда", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0