БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 11-сентябрда түнкү саат 00:07 чамасында Бишкек — Ош жолунун 267-чакырымында Volkswagen Golf 2 машинасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыктын кесепетинен эки киши каза болуп, айдоочу жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, көз жумгандардын сөөгү райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилди. Жабыркаган айдоочуну дагы ооруканага жеткирилген.
Чүй облусунун Жайыл районунда 10-сентябрда саат 06:25 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 203-чакырымында Honda Fit менен Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа кагышып, анын айынан жеңил автоунаадагы үч киши каза болгон.
Куткаруучулар кырсык болгон жерге барып, каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.