Кадамжайда үй-бүлө жол кырсыктан каза болду. Арасында 1 жаштагы ымыркай бар

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгына кабылып каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон.

БАТКЕН, 10-cен. Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда 10-сентябрга караган түнү катталган жол кырсыгынан төрт киши каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Ага ылайык, жол кырсыгына микроавтобус менен жеңил автоунаа кабылган.

"Үй-бүлө мүчөлөрү бараткан Daewoo Matiz жеңилавтоунаасы менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү микроавтубус кагышкан. Анын кесепетинен 44, 43 жаштагы жубайлар жана алардын 15 жана 1 жаштагы балдары каза болгон. Ал эми алардын 13 жаштагы дагы бир баласы оор жаракат алып райондук ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары маршруткадагы жүргүнчүлөргө тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0