БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Генерал Абдыгул Чотбаев жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында маалыматты ал өзү тастыктады.
Анын айтымында, жол кырсыгы Чүй облусунда Ивановка айылынын аймагында болгон. Анын Toyota Land Cruiser автоунаасы жеңил автоунаа менен кагышып кеткен.
"Мен өз жолум менен келе жаткан элем, каршы жактан болжол менен 10-15 метр аралыкта жеңил унаа чыкты. Анан кырсык болуп кетти. Тез жардам келди, азыр жолдун жээгинде замбилде жатам. Дарыгерлер башкаларды да карап жатышат", — деди ал.
Генерал бир колу шишип чыккандыгын, "кыязы, сынып кетсе керек" деп, кырсыкка кабылган башка жолоочулар туурасында азырынча ага эч нерсе белгисиз экендигин айтты.
Маалыматты Чүй облустук Кайгуул милициясынан тастыкташты.