Сузакта ат сүйрөгөн 9 жашар баланын колу менен башы үзүлүп кеткен

© AP Photo / Charlie RiedelЖылкы. Архив
Жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон бала быйыл үчүнчү класска бармак

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Сузак районунун Ак-Терек айылында тогуз жаштагы баланы ат сүйрөп кетип каза тапты. Бул тууралуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жетекчиси Мирлан Калмаматов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 25-август күнү болгон. 

"Тогуз жаштагы Эрбол үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн отун тергени барган экен. Топтолгон отунду атка өңөргөндө жылкы үркүп кеткен. Үзөңгүгө буту илинген окуучу жерге сүйрөлүп кете бериптир. Кырсык болгон учурда Эрболдун жанында энеси болгон", — деди ал. 

Алар ошондой эле ат араң айылга киргенде токтогонун айтып, баланын эки колу менен башы үзүлүп кеткенин кошумчалашкан. 

Кырсык тууралуу фактыны Кызыл-Туу айыл өкмөтүнөн да тастыкташты. Эрбол быйыл 3-класска бармак. Ал үч бир туугандын улуусу болчу.

Калмаматов айыл өкмөттүн атынан кырсыкка кабылган үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлөөрүн кошумчалады.  

Жаңылыктар түрмөгү
0