Таанышынын унаасын эки саатка айдап кетип, аны күрөөгө тапшырып салган кыз кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЗарубежные страны. Иран. Тегеран
Зарубежные страны. Иран. Тегеран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27 жаштагы кыз башка бирөөнүн машинасын күрөөгө тапшырып, акчасын чөнтөгүнө салып, из жашырган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну чала тааныш кызга машинасын эки саатка берген. Бирок кыз аны күрөөканага таштап акчасын алып кеткенин ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Абактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кино биякта калсын! Өзүн-өзү барымтага алган кыргыз кыз эжесинен 1 млн. талап кылган
Арыз менен милицияга кайрылган жаран 11-июнда Айгүл аттуу кыз үйүнө келип Toyota Caldina үлгүсүндөгү автоунаасын сураганда убактылуу бергенин айтууда. Чала тааныш кыз машинаны күрөөгө 1900 долларга баалап, баса берген.

Бул боюнча шектелип,  Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну кармалган. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0