Аксынын Терек-Сай айылында сел жүрдү. Кырсыктын видеосу

© Фото / пресс-служба МЧС КРАксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Терек-Сай айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп турак жайларды каптаган
Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Терек-Сай айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп турак жайларды каптаган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу жааган жамгырдан дарыядагы суунун нугу көтөрүлүп ички чарбалык жолду жана беш турак жайды каптаган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Терек-Сай айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп турак жайларды каптаган. Кырсык тууралуу маалыматты жана анын видеосун ӨКМ өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. 

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү айылдагы Бузурман-Сай дарыясында суу нугунан көтөрүлүп Авлетим — Терек-Сай жолуна чыгып ички чарбалык жолду жана беш турак жайды каптаган.

Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Жашоочулар ӨКМ тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн. Учурда айылдагы кырдаалды жөнгө салуу жана калыбына келтирүү үчүн үч техника тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0