09:10 15 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Кыргыз эл артисти, актер Мукамбет Токтобаев. Архив

Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаев каза болду

Супер-Инфо
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
401444

Улуу муундагы актерлордун ичинен Токтобаевге бүгүнкү күндүн режиссерлору тарабынан киного тартылуу үчүн көп сунуштар түшүп келген.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Кыргыз эл артисти, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру Мукамбет Токтобаев 68 жаш курагында жол кырсыгына кабылып, каза болду. Бул маалыматты Sputnik агенттигине аталган театрдын жетекчиси Темирлан Сманбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Анкара (мурунку Горький — ред.) жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматы артистти Анкара көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан "Опель" үлгүсүндөгү унаа коюп кеткенин кабарлады.

Өмүрүнүн акыркы жылдарында Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп жаткан.

Кинодо "Фудзиямадагы кадыр түн", "Чиркин өмүр", "Айыл өкмөтү", "Сокур кемпир көрөгөч", "Президент менен бомж" тасмаларына тартылган. Эл аралык аренада Россия менен АКШ биргелешип тарткан "Взять Тарантину!" аттуу тасмасына түшкөн.

Улуу муундагы актерлордун ичинен Токтобаевге бүгүнкү күндүн режиссерлору тарабынан киного тартылуу үчүн көп сунуштар түшүп келген.

Мындан сырткары, "Каркыралар", "Кыздар жана көйнөктөр", "Биз отурган автобус", "Ышкырык" ырларына обон жараткан. 

Тема боюнча

Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаевди машина уруп кетти
Мукамбет Токтобаев. Өмүр баян.
Белгилер:
актер, жол кырсыгы, кино, Мукамбет Токтобаев, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ