02:29 04 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7053
  • EUR100.6553
  • RUB1.1624
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
117 0 0

Январдан май айына чейин Кыргызстан сыртка 3,2 тонна күмүш сатып, ал 2,7 миллион долларга бааланган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. 2021-жылдын алгачкы беш айынын жыйынтыгын карай келгенде Кыргызстан сыртка саткан күмүштүн көлөмү эки тоннага азайып кеткен. Бул тууралуу маалымат Статистика боюнча улуттук комитетинин сайтына чыкты.

Быйыл январдан майга чейин республика сыртка 3 тонна 235,4 килограмм баалуу металлды саткан. Аны акча менен эсептей келгенде 2 миллион 654 миң доллар болгон. Былтыркы жылдын статистикалык маалыматтары менен салыштыра келгенде кадыресе айырма болгон. 2020-жылы 5 тонна 302,3 килограмм күмүш экспорттолгон. Аны акча менен баалаганда 2 миллион 732 миң доллар болгон.

Маалыматта мындай кескин айырманын себеби эмнеден экендиги айтылган эмес.

Тема боюнча

Өлкө 180 миллион долларга аз алтын сатты. 5 айдын жыйынтыгы
Беш айда Кыргызстандан 200 млн. доллардан көп акча чыгып кетти. Рекорд
Белгилер:
Кыргызстан, экспорт, күмүш

ЭҢ МААНИЛҮҮ