00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Доллар дүйнөлүк валюта катары макамын жоготобу? Пикир

© REUTERS / Alexey Pavlishak/File PhotoКоопсуз бет каптын астында долларлык банкнота. Архив
Коопсуз бет каптын астында долларлык банкнота. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын азыркы саясаты өз валютасынын нарксызданышына коркунуч туудурат. Макаланын автору ушул боюнча аргументтерди келтирген ири банктын сунуштарынан бөлүшөт.

Саясий таасири жана бир катар өлкөлөрдө мурунку кызматкерлеринин жогорку кызматтарды ээлегендиги менен белгилүү болгон америкалык ири банк үрөй учурган билдирүү менен чыкты: эң башкы дүйнөлүк валюта катары доллардын макамынын күнү бүтүшү мүмкүн дейт РИА Новости.

Goldman Sachs — 1 триллион доллар активди башкарган, Уолл-стритте чоң сыйга татыган, каржы тармагында кеңири белгилүү структура. Анын мурдагы кызматкерлери конвейердик ыкма менен АКШнын Каржы министрлигине улам кызматка коюлат. Ошондой эле бул банкка 2008-жылкы каатчылыктан кийин иликтөөчү журналист Мэтт Тайбби тарабынан Кальмар-Вампир (Vampire Squid) деген корпоративдик ат берилген.

"Goldman Sachs болгон жердин баарын аралаган. Дүйнөдөгү эң кудуреттүү инвестициялык банк. Акча жыттангандын баарын аеосуз соруп турган, адамзатты чулгаган эбегейсиз кан соргуч кальмар", — деп жазган ал 2010-жылы The Rolling Stone журналына жарыяланган кеңири иликтөөсүндө. Ошондон тарта бул сүрөттөмө абройлуу америкалык каржылык структураны ээрчип келет.

Доору бүтүп баратабы? Мунай жаатында эсти оодарчу окуя күтүлүүдө

Ушундай банктын билдирүүсүнө кулак салбай кое албайсың. Доллардын келечеги дал америкалык банк тарабынан сынга алынып жатканы ого бетер бүйүр кызытат. Себеби АКШда “каттоосу бар” ири каржылык структуралар да спецификалык, ошол эле учурда болочок сенатор жана конгрессмендерди берешендик менен колдоп келе жаткан мекенчил болуп саналат. Кайсы бир мааниде Goldman Sachs — бул Америка, тагыраак, станоктон четтеген, каржылык манипуляцияга терең сүңгүгөн заманбап Америка. Качандыр бир Кошмо Штаттардын символу банк эмес, General Motors өндүрүштүк корпорациясы эле. Ал туурасында коргоо министри Вильсондун: "General Motors үчүн жакшы жагдай — Америка үчүн да жагымдуу", - деп айтканы бар.

Азыр АКШнын символу катары өндүрүштүк бирикме эмес, мезгил-мезгили менен өз логотибин азчылыктын түсүнө боеп турган, өтө абийирсиз бедели бар, бирок таасирдүү структура болгон дал ушундай инвестициялык банкты эсептөөгө болот. Ушул тапта ал америкалык валютанын келечегине катуу түйшөлүп турат, анткени анын көйгөйлөрү жалпы Америкага таасир этет.

АКШнын Кытайга карата кытмыр планы: пандемиядан улам ачылган көшөгөлөр

Америкалык Bloomberg каржылык маалымат агенттиги белгилүү банктын аналитиктеринин кооптонуусун жазып чыкты: "Goldman Sachs Group Inc. Америкадагы инфляция боюнча тынчсыздануусу күтүүсүз күч алганына көңүл бурдурууда. Доллар дүйнөлүк резервдик валюта макамын жоготуу коркунучунда экенин билдирди. Пандемия менен талкаланган экономиканы колдоо үчүн конгресс фискалдык өбөлгөлөрдүн кезектеги айлампасына жакындап, Федералдык резерв өз балансын быйыл болжол менен 2,8 триллион долларга көбөйткөн тушта Goldman стратегдери АКШнын саясаты “валютанын нарксыздануу коркунучун” туудурарын, дүйнөлүк валюталык рыноктордо басымдуу күч катары үстөмдүгүнө чекит коюларын эскертишкен".

Goldman Sachs аналитиктерине баа берсе болот. Жазында АКШнын Федералдык резерв кызматынын басма станогу эпидемия шартында каржы рынокторун жана Кошмо Штаттардын бюджетин колдоо үчүн нормадан ашык иштөөгө өткөн, конгресс менен сенат экономикага бюджеттик салымдын өлчөмү жана ал таңсыктыктын көбөйүшү туурасында ой калчап турганда банк кардарларын алдыдагы инфляция тобокелдигинен улам долларларын алтынга (же биткоиндерге деле) алмаштырууга көндүрүү менен атайын жыйындарды өткөргөн.

Каржылык чөйрөдө бул көз караш азыр деле азчылыктын пикириндей кабылданууда, Goldman аналитиктери бул сөзсүз болчу нерсе деген деле жери жок. “АКШ долларында жүргүзүлгөн глобалдык транзакциялардын басымдуу көлөмү жана капитал рыногунун тереңдигин эске алсак, резервдик валюта макамын жоготууга дегеле жакындабайт”, – деп билдирген Bloomberg агенттигине Barclays британиялык банкынын Түндүк жана Түштүк Америкадагы валюталык соода башчысы Майкл Крупкин.

Газ жана Израиль: Европа дагы бир жол таптыбы?

Долларлык система бардык сынчыларын жаңылтарына дагы бир аргумент катары 2008-2009-жылдары туруштук бере алганын келтирүүгө болот. Бирок ал убакта АКШ бир полярдуу дүйнөнүн айныгыс лидери болуп турган. Азыр кырдаал таптакыр башка: америкалык калааларда от күйүп турат, эки партия тең алдыдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай коюу жана жарандык согуш ыктымалдыгын талкуулайт, ал эми бир полярдык дүйнө эбак жок. АКШ менен Кытайдын ортосунда башталган "2.0 кансыз согуш" кандай формага өтөрүн убакыт гана көрсөтөт.

Акылман жана дурус маалымдалган Кальмар-Вампир бекеринен коңгуроо кагып турган жери жок. Таасирдүү банктын эскертүүсүнө сөзсүз түрдө кулак салынат. Болгону америкалык саясатчылардын негизги дүйнөлүк валюта катары доллардын макамын сактап калууга талап кылынган кадамдарга барары кыйла шек жаратат.

Жаңылыктар түрмөгү
0