Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр бизнестин далай түрүн токтотуп, миңдеген адам ишсиз калды. Ушул тапта көпчүлүктүн карантин бүтүп иш башталса экен дегенде эки көзү төрт.
Бирок тамак-аш, дары-дармек сыяктуу адам баласынын күнүмдүк турмушуна өтө зарыл нерселерди өндүрүп жана саткандардан тышкаркы тармактар канчалык бат телчигип кетет, кеп ушунда.
Sputnik Кыргызстан редакциясы миңдеген кыргызстандыктар эмгектенген тейлөө жана көңүл ачуу тармактарындагы ишкерлердин жана экономисттердин пикирин угуп көрдү.
Бишкектеги “Сармерден” ресторанынын директору Дүйшөмамбет Орозалиев карантин бүткөн күндө дагы эл дароо эле кафеге чуркап же дүркүрөтө той бере калат деп ойлобойт.
Ал эми “Табылга” соода борборундагы кийим-кече бутигинин кожоюну Акбар аттуу жигит өзү өңдүү ишкерлер үчүн бул жыл жокко эсе болуп кеткенин айтат.
“2020-жылдын аягына чейин биздин тармакта өнүгүп-өсүү болот деп айтуу кыйын. Карантин бүткөндө деле чөнтөгү жукара түшкөн кардарлар модалуу же түрлүү кийим албай, эң керектүүсүн гана алат деп ойлоп жатам. Кышында мен болгон акчама жазгыга товар алып койгом, азыр өтпөй жыйылып турат. Чектөөлөр бүтүп калса, жайкысын алуу үчүн кайра акча табуу керек болот. Таап, сатып алган күндө дагы анын өтүп кетерине кепилдик жок”, — деди ишкер.
Анткен менен "Живая экзотика" зоопаркынын администратору Татьяна Манагарова эки ай бою үйдө отуруп тажаган эл уруксат берилери менен зоопаркка жана башка оюн-зоок жайларына барып, керектүү буюм-тайымдарын сатып алып, бизнестин көптөгөн тармагы кайрадан гүлдөй баштайт деп ишенүүдө.
“Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан байкасак, карантинден чыгуу иштери бир нече этап менен болот экен. Анын үстүнө Рамазан айы башталды. Андыктан көңүл ачуу борборлору май айынын аягынан тарта ишке киришебиз деп үмүт кылып жатам”, — деди Манагарова.
Чектөөлөр алынары менен кардарлар агылып келет деген оюн Beauty сулуулук салонунун администратору Камила Алиева да айтты.
“Мага карантин ортолоп калганда эле кардарлар качан иштейсиңер деп телефон чала башташкан. Азыр салон ачылары менен барабыз деп турган кыз-келиндер көп. Алар көбүнесе маникюр, чачты кестирүү, боётуу жана кирпик коштуруу кызматтарын пайдаланышат”, — деди администратор.
Карантин аяктаган соң бул тармактардын кайсынысы бат бутуна турушу мүмкүн деген суроо менен экономист Расул Түлеевге кайрылдык.
Анын пикиринде, алгач кардардан акчаны көп талап кылбаган жактардын иши илгерилейт.
“Кинотеатрлар, тез татымдар күчтөнөт. Аларга үйдө отуруп тажаган жаштар көп каттайт, ата-эненин дагы балдарына бул нерселер үчүн акча берүүгө алы жетет. Ал эми тиричилик техникалары, автоунаа сыяктуу көп чыгымды талап кылган соода-сатык көпкө кыйналышы мүмкүн”, — деди Түлеев.
Анткен менен экономисттин айтымында, ишкерлер товарын өткөрүүнүн жол-жобосун тапса болот. Мисалы, кредиттер аркылуу сата алат. Бул нерсе ишкерге да, элге дагы, насыя берчү банктарга дагы пайдалуу.
Экономист Нүргүл Акимова коронавируска вакцина табыла элек болгондуктан, карантин токтотулган күндө дагы көптөгөн чектөөлөр ошол бойдон кала берерин айтат. Андыктан эл көп чогула турган көңүл ачуу тармактарынын бутуна туруп кетиши боюнча сөз кылууга эрте.
“Ал тургай адамдын күнүмдүк жашоосуна өтө зарыл болгон тармактарда дагы товары арзандар гана иштеп калышы мүмкүн. Мындан бир нече ай мурда өзүн-өзү бага алчу активдүү жарандарыбыз бүгүн ишсиздер категориясына өтүп, өкмөттүн жөлөк пулуна муктаж болуп калды. Демек, алар бардык нерсенин арзанына качырат”, — деди Акимова.
Адис коронавирустун орто жана чакан бизнеске тийгизчү кесепетин азайтуу үчүн өкмөт жеңилдетилген насыя, салыктардан убактылуу бошотуу сыяктуу колдоо көрсөтүүсү керектигин айтат.
Өзгөчө абал режиминин жарыяланышы
Коронавирус алгач Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч кыргызстандыктан 18-март күнү аныкталган. 25-март күнү Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал режими киргизилип, апрелдин аягына чейин узарды.
15-апрелден тарта бул тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулду. Эми коменданттык сааттын эрежеси боюнча кечки 21.00дөн эртең мененки саат 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.