БУУ ачкачылык болорун болжоп жатат. Кыргызстан апаатка туруштук бере алабы?

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOВолонтерлор гуманитардык жардам берип жаткан убакытта. Архив
Волонтерлор гуманитардык жардам берип жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун адистери 2020-жылдын акырында пандемиянын кесепетинен дүйнөдө 130 миллиондой адам ачка каларын божомолдошкон. Алардын айтымында, аз убакытта соода-сатык коопсуздугу камсыздалбаса, адамзат пандемиядан улам жапырт ачкачылыкка кабылышы күтүлүүдө.

Өлкөдөгү агрардык адистердин айтымында, азык-түлүк жетишпестиги бизге да келиши мүмкүн. Мындай шартта Кыргызстан кандай кадамдарга баруусу керек?

Мамлекетибизди гана эмес, бүткүл союздаш өлкөлөрдү да азык-түлүк менен камсыздап келген айыл чарба тармагы учурда солгун тартып турат. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги советтик мезгилге көз чаптырып, кооптуу абалдан чыгуунун жолдорун издештирип, эксперттердин оюн укту.

1932-жылдагы коңшу мамлекеттер жоготууга учураган ачарчылыкта кыргыздар коңшуларын апааттан сактаганы тарых бетинде жазылуу. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов кенен айтып берди.

© Sputnik / Дильноза АлымоваТарыхчы Кыяс Молдокасымов: эл башында турган Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеевдер эгинди жалпы союздук фондго жибербей, калкка өз убагында таркаткандыгы үчүн бизде казактардагыдай ачарчылык болгон эмес.
БУУ ачкачылык болорун болжоп жатат. Кыргызстан апаатка туруштук бере алабы? - Sputnik Кыргызстан
Тарыхчы Кыяс Молдокасымов: эл башында турган Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеевдер эгинди жалпы союздук фондго жибербей, калкка өз убагында таркаткандыгы үчүн бизде казактардагыдай ачарчылык болгон эмес.
"Социалисттик чарба туура эмес жүргүзүлгөндүктөн казактарда 1932-жылдан баштап ачкачылык башталган. Бул азык-түлүктү туура бөлүштүрө албай, элдин малын, эгинин колхоздоштурууда тартып алуунун натыйжасында келип чыккан. Азыркы эсеп менен ошол ачкачылыктан бери дегенде эле үч миллионго жакын казак жараны кырылып калгандыгы айтылат. Элге келген апааттын азабынан Кыргызстанды көздөй миңдеген казак агылып келген. Ал убакта эл башында турган Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеевдер эгинди жалпы союздук фондго жибербей, калкка өз убагында таркаткандыгы үчүн бизде казактардагыдай ачарчылык болгон эмес", — деди Молдокасымов.

Тарыхчы белгилегендей, Ленинградда да жаралган оор кырдаалда жетим-жесир, жаш балдарды, кыйналган кары-картаңдарды бүтүндөй Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга алып келип жайгаштырышкан.

Бош супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакынкы айларда массалык ачкачылык капташы мүмкүн. БУУнун кооптуу божомолу
"Ал эмес, ар кандай себептер менен Кавказдагы ар кошкон улуттарды бир күндүн ичинде вагондорго жүктөп, Орто Азияга алып келген мезгил болгон", — деп билдирди Молдокасымов.

Андан бери карай алып караганда, кыргыздар 1941-жылдан 1945-жылга чейинки Улуу Ата Мекендик согуштун каары менен ачкачылыкка кептелишкен. Эмгекке жарамдуу жигиттер кетип, беш жылга созулган согуш элди бир топ кыйнап койгон.

Кыргызстандык Күланда Кампышева быйыл 90 жашка келип отурат. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал 12 жашар кыз экен.

"Ошол кезде элди жапырт ачкачылык каптаган. Эсимде, түндөп колхоздун талаасына жүгөрү эгип, күзгө чейин анын бышышын өзөрүп-тосоруп күткөнбүз. Эгин чабылганда баарыбыз талаадан машак терип, аны айылдык тегирменге алып бардык. Эми тегирмендин оозуна эл батпайт. Айылдагы жаш баладан абышка-кемпирге чейин чогулушуптур. Баарыбыздын күткөнүбүз жаңы түшүмдөн өзөк жалгап, нандын даамын татуу болчу. Ошондо жарма ичип, нан жасап жеп, курсагыбыз тойгонуна бактылуу болгонбуз. Кийин биздин үйгө колхоздон бир уй бергенде сүйүнгөнүбүздү айтпа", — деп эскерет Күланда апа.

Кийин, 1990-жылдарда, СССРдин тарашы менен Кыргызстан дагы бир ирет кыйынчылыкка дуушар болгон. Мурда союздук экономикалык бүтүндүк болсо, акырындык менен анын баары урай баштаган. Ушунун кесепетинен союз тарап, анын айынан эл бир топ жыл кыйналып барып оңолгон эле.

Долларовые купюры в обменном пункте - Sputnik Кыргызстан
Нефтинин баасы түштү, доллар менен евронун абалы кандай? 21-апрелдеги баа
Ушу тапта коронавирус пандемиясы да дүйнө элинин шаштысын кетирип турат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли азыртадан азык-түлүк коопсуздугу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөсө, бир нече айдан кийин дүйнө эли ачкачылыкка кабылышы толук ыктымалдыгын айтууда.

Мындан улам азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу боюнча кыргыз өкмөтү кандай кадамдарга барса болорун, дегеле өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү туурасында экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Айылчы Сарыбаев: туура экономикалык саясат жүрсө, Кыргызстанда ачкачылык болбойт. Өзүн-өзү камсыздап, андан тышкары, айыл чарба, эт азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жеке менчик эмес, ирилешкен кооперативдик чарбаларды куруу, кайра иштетүү тармагын жандандыруу учур талабы болуп турат.
БУУ ачкачылык болорун болжоп жатат. Кыргызстан апаатка туруштук бере алабы? - Sputnik Кыргызстан
Экономист Айылчы Сарыбаев: туура экономикалык саясат жүрсө, Кыргызстанда ачкачылык болбойт. Өзүн-өзү камсыздап, андан тышкары, айыл чарба, эт азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жеке менчик эмес, ирилешкен кооперативдик чарбаларды куруу, кайра иштетүү тармагын жандандыруу учур талабы болуп турат.
"Бириккен Улуттар Уюму пандемиядан улам дүйнөдө ачарчылыкка кабылган эл эки эсе көбөйөрүн туура эле баамдады. Бул өзгөчө айыл чарбасы аксаган, согуштук техника чыгарган өлкөлөргө таандык. Кыргызстан бул жагынан жакшы шартта. Себеби экономикабыздын негизги бөлүгүн агрардык сектор, айыл чарбасы түзөт. Бизде 450 миңден ашык жеке фермердик, дыйканчылык чарбалар бар. Ошолорду жакшы жолго коюп, туура экономикалык саясат жүрсө, Кыргызстанда ачкачылык болбойт. Өзүн-өзү камсыздап, андан тышкары, айыл чарба, эт азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жеке менчик эмес, ирилешкен кооперативдик чарбаларды куруу, кайра иштетүү тармагын жандандыруу учур талабы болуп турат. Андан тышкары, мамлекеттин өзүн эт менен толук камсыздап, экологиялык таза азыктарды экспорттоого толук шарты бар. Эми алдыда айыл чарба азыктарынын баасы бир топ кымбаттайт. Бул багытта кыргыз өкмөтү болгону туура саясат жүргүзө билүүсү кажет. Келечек бийликтин саясий-экономикалык кадамынан көз каранды. Бийлик башындагылар ушуга чейин карыз, насыя алуу менен чектелип, айыл чарбасындагы алтынга тете жерлерди карабай коюшту", — деди экономист Сарыбаев.

Ал эми агроном Узакбай Абдипаизовдун айтымында, коронавирустан улам азык-түлүк жаатында тартыштык жаралары турган иш. Ал буга чейин да болуп келген.

Встреча спецборта с масками и медицинским оборудованием из Хайнаня  - Sputnik Кыргызстан
Гуманитардык жардам дүйнөлүк саясий тартипти өзгөрттү. Саресеп
"Мыкты башкаруу болсо, биздин айыл чарба тармагы кенен мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ал эми жалпылап келгенде мамлекетибиздеги агрардык өндүрүштүн абалын көрүп турасыңар. Мурда бардык азыктарды экспорттой алчубуз. Азыр көз каранды болуп калдык. Акыркы 20 жылда дүйнөдө айыл чарбасы 20-30 пайызга кеңейсе, бизде тескерисинче төмөндөдү", — деди Абдипаизов.

Агрономдун жогорудагы пикирине мурунку айыл чарба министри Төрөгул Беков да кошулат. Анын айтымында, Кыргызстан 250 миллион долларлык айыл чарба продукциясын экспорттогону менен 800-850 миллионго бааланган айыл чарба товарын импорттойт.

© Фото / предоставлено Торогулом БековымЭкс-министр Төрөгул Беков: мал чарбачылыгын өнүктүрүү зарыл. Потенциалыбыз жогору. Бизде 1 миллион 250 миң гектар сугат жана кайрак жерлер бар. Муну менен катар 9,5 миллион гектар жайытка ээбиз.
БУУ ачкачылык болорун болжоп жатат. Кыргызстан апаатка туруштук бере алабы? - Sputnik Кыргызстан
Экс-министр Төрөгул Беков: мал чарбачылыгын өнүктүрүү зарыл. Потенциалыбыз жогору. Бизде 1 миллион 250 миң гектар сугат жана кайрак жерлер бар. Муну менен катар 9,5 миллион гектар жайытка ээбиз.
"Болжолдуу айтканда, биз жылына миллиард долларга чейинки суммада чет элдик фермерлерди каржылоодобуз. Эмне себептен мындай болуп калды? Советтер Союзунун убагында мамлекетибизге жеткирип, ал тургай союздаш өлкөлөргө да айыл чарба азыктарын экспорттогон 550 колхоз, совхоз бар болчу. Азыр анын ордуна 364 миңден ашык фермер бар. Бизде майдаланган, бөлүнгөн жеке чарбалар экспорт эмес, өлкөнүн ичин камсыздай албай жатышат. Соода-сатык коопсуздугубузду жөнгө салуу үчүн өзүбүздө жетишсиз азыктарды өндүрүүгө бюджеттен каражат бөлүп беришибиз керек. Андан тышкары, мал чарбачылыгын өнүктүрүү зарыл. Потенциалыбыз жогору. Бизде 1 миллион 250 миң гектар сугат жана кайрак жерлер бар. Муну менен катар 9,5 миллион гектар жайытка ээбиз. Ал эми экспортту өнүктүрүү үчүн чие, алма, буурчак, соя жана эрте бышкан жемиштерди айдашыбыз керек", — деп айтты Беков.

Ал белгилегендей, Кыргызстан азыр өзүн сүт, жер-жемиш, мүмкүнчүлүгүнө жараша жумуртка менен камсыздап, өсүмдүк майы, шекер жана эт жагынан аксап калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0