Ат-Башыга курулчу логистикалык борбор: инвестордун 45 миллион сому кайда?

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагы менен келишим түзүп, жерди 49 жылга ижарага алышкан. Долбоор жабылары менен 200 гектар жерди ижарага берүү келишими да жокко чыгарылды.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Өкмөт Ат-Башыга логистикалык борбор курууну пландаган инвестордун 45 миллион сому кайда экенин айтты.

Эске салсак, Ат-Башыга соода-өндүрүш-логистикалык борбор куруу чечими былтыр жыл аягында чыккан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай калды.

Мясоперерабатывающий комбинат Южный в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Товарды көзөмөлдөөнүн жаңы түрү. ЕЭК кеңеши кабыл алган чечим
Логистикалык борборду кура турган "Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы" компаниясы долбоорду жабуу чечимин кабыл алган. Ага чейин инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагы менен келишим түзүп, жерди 49 жылга ижарага алышкан. Долбоор жабылары менен 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими да жокко чыгарылды. Бирок инвесторлор жердин ижара акысынын 43 миллион сомдон ашыгын төлөп коюшкан.

"Нарын" эркин экономикалык аймагынын башкы директору Артур Байтереков долбоор ишке ашпай калгандан кийин "айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу иретинде инвестор тарабынан төлөнгөн 43 миллиондон ашык сомду кайтаруу жөнүндө өкмөткө кат даярдап жатабыз" деген эле.

Инвесторлордун айтымында, бул каражат мамлекеттин бюджетине төлөнгөн.

Өкмөт инвесторго каражат кайтарылып берилерин маалымдады, бирок качан экени белгисиз. Өкмөттүн маалымат кызматы каражат эч жакка сарпталбаганын кабарлоодо.

"Бул каражат республикалык бюджетке төлөнгөн. Кайра буйрук чыкмайынча бюджеттеги акча эч кайда жумшалбайт. Азыр аны кайтарып берүү боюнча процедура жүрүп жатат. Бул иштер аяктаары менен кайра буйрук чыгып, каражатты жакын арада кайтарып беребиз", — деп өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга баасы 3 млрд. доллар турган Камбар-Ата ГЭС эмнеге керек? Маалымат
Эске салсак, долбоордун сметалык баасы 280 миллион АКШ долларын түзгөн.

Борборду кура турчу инвестор — "Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы болчу. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири "Нур Строй Монтаж" компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров, ал эми кытай тараптан One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын жетекчиси Лю Инь экени айтылган.

Логистикалык борборду куруу апрель айында башталмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0