Ээн талаа шаарга айланат! Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвестордун маеги

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваКыргызстандык ишкер Эмилбек Абдыкадыров
Кыргызстандык ишкер Эмилбек Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын апрель айынан тарта Ат-Башы районунун аймагына логистикалык-соода-өндүрүш борбору курулганы турат. Ири борборду One Lead One (HK) Trading Limited кытай компаниясынын жетекчиси Лю Инь менен кыргызстандык ишкер Эмилбек Абдыкадыров салмай болушту.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева ири курулушка Кыргызстан тараптан инвестор болуп жаткан ишкер, "Нур Строй Монтаж" курулуш компаниясынын жетекчиси менен баарлашты.

— "Ат-Башыга логистикалык борбор куруу" долбоорунун инвестору экенсиз. Бул шыбага кандайча сизге буюруп калды?

— Кокусунан буюрду. Аскар Салымбеков өткөндө айткандай, буга чейин Ат-Башыга мындай ири өндүрүш борборун куруу боюнча бир топ аракеттер болуп, бирок ишке ашпай келген экен. Бир жыл мурда бизнес-форум өтүп, ал жактан Ат-Башыга логистикалык-өндүрүш борборун куруу тууралуу сөз болгон. Эгер бул кен казуу, алтын же базар болсо, мен аралашмак эмесмин. Ал эми логистика-өндүрүш деген башка да. Карап, таанышып чыксам жакшы долбоор экен.

Негизи Кыргызстанда реформа жүргүзүү жеңил. Болгону стабилдүүлүк керек. Буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткем, азыр ишкерлик менен алектенем. Негизи өлкөнүн экономикасын көтөргөн долбоор болсо деп ойлоп койдум эле, ойлогонум ишке ашканы турат. Ат-Башыга мурда такыр барбаптырмын. Эми ат тезегин кургатпай каттай баштадым. Долбоорду колго алганыбызга тогуз ай болду. Негизи эле өлкөдө логистика болушу керек. Ансыз экономика көтөрүлбөйт. Азыр глобализациянын мезгили. ЕАЭБге мүчө болуп кирдикпи, андагы өлкөлөр менен атаандашып оокат кылышыбыз керек. Биз да өз продукциябызды өндүрүп, жөн өндүрбөй дүйнөлүк рыноктогу продукцияларга атаандаша алгыдай кылып өндүрүшүбүз зарыл. Ошол себептен да бул ишке белсендим.

Анын үстүнө бул — тарых. Кесибим курулушчу болгондуктан, мен бир нерсени жаратканды жакшы көрөм.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭмилбек Абдыкадыров: эгер бул кен казуу, алтын же базар болсо, мен аралашмак эмесмин. Ал эми логистика-өндүрүш деген башка да. Карап, таанышып чыксам жакшы долбоор экен.
Ээн талаа шаарга айланат! Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвестордун маеги - Sputnik Кыргызстан
Эмилбек Абдыкадыров: эгер бул кен казуу, алтын же базар болсо, мен аралашмак эмесмин. Ал эми логистика-өндүрүш деген башка да. Карап, таанышып чыксам жакшы долбоор экен.

— Кытай инвестору тууралуу кененирээк маалымат берип кетсеңиз. Өткөн маалымат жыйында ал киши Кыргызстанга завод курган деп айтып жаттыңыз эле?

— One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын жетекчиси Лю Инь Бишкекке жакында эле кагаз чыгарган үч миллион сомдук завод салды. Азыркы тапта мамлекеттик мекемелердин текшерүүлөрүнөн өтүп жатыптыр. Ал заводу бир айга жетпей ачылат деп жатат. Андан чыккан кагаздар Кытай менен Россияга экспорттолот. Биз менен иштеше турган инвестор Казакстандагы "Хоргостун" курулушуна баштан-аяк катышыптыр.

Логистикалык борбор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башыга салынчу логистикалык борбор. Элди түйшөлткөн суроолорго жооп
Келишим түзүлгөндөн кийин соцтармакта "ал эмне болгон инвестор экен, элди алдап кетпейби?" деген билдирүүлөр жазылды. Сырттан келип жаткан инвесторду Тышкы иштер министрлиги жана башка атайын кызматтар текшерет да. Кытайдын элчилиги да инвестордун ишеничтүү экенин айтты. Кытай элчилиги биздикинен да катуу көзөмөлдөйт. Бул чакан долбоор эмес. 280 миллион доллар эмес, 280 долларды бир ишке салып жатсаң да анын келечегин ойлойсуң. Демек, бул инвестор акчасын жөн салып жаткан жок. Ал эч кимден насыя албай 280 миллион долларды өз чөнтөгүмөн чыгарып курам деди. Ал каражат логистикалык борбордун инфракструктурасына гана жумшалат. Жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө, жол салганга, электр жарыгын, суу тартканга гана сарпталмакчы. Өнөктөш "кеп 280 миллион долларда эмес, ал жакка курулчу завод-фабрикаларда. Жогорку технология өндүргөн компанияларды тартып келүү чоң маселе. Ага Кыргызстан да жардам бериши керек" деп өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүү учурунда айтты. Андай эл аралык ири компанияларды тартыш үчүн алгач шарт түзүш керек. Компания өкүлдөрү келип өздөштүрөт, келечегин сураштырып, караштырып, анан макул болот. Дагы бир жолу элге айткым келет, биз кен чыгарып же экологияны талкалап жаткан жокпуз. Ээн талаага чоң бир шаар куруп, элдин жашоосу оңолсун, экономика өссүн деп жатабыз.

Кытай, Сингапур, Англиядан ири компанияларды аталган борборго тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

— Бул долбоорго инвесторлук кылып, милдетти алганда кооптонгон жоксузбу? Анткени сизге чейин да 2000-жылдан бери эле "терминал салынат" деп, бирок салынбай, ишке ашпай келе жатат.

— Логистика тууралуу мага сунуш түшкөндө бул маселени да караштырдым. 1992-жылы легендарлуу парламенттин депутаттары Нарын облусуна "эркин экономикалык аймак" деген статус берген. Себеби Нарында өндүрүш таптакыр эле жок. Чек ара маселеси боюнча айтсам, "жерди алдырып жибербейбизби" деп эл кооптонбой деле койсо болот. Азыр заман өзгөрдү. Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү. Алар менен түзүлгөн ортодо келишимдер бар. Башкысы — Кытай менен Кыргызстандын ортосунда чек ара боюнча маселе жок. Эки элдин чек арасы эбак эле чечилген, талаш маселе жок. Миграция боюнча мыйзамда "80 пайыз жергиликтүү калк, 20 пайыз инвестиция кылган өлкөнүн эли иштеш керек" деп жазылып турат. Бирок элдин кооптонуп жатканын эске алып, Кытайдан беш эле пайыз адам тартканы жатабыз. Бул боюнча сүйлөшүү жүрдү. Ал беш пайыздын баары атайын адистер болот. Аларсыз биз бул борборду кура албайбыз. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭмилбек Абдыкадыров: Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп киргенден кийин Ат-Башы району ал жакта өзүнчө эркин экономикалык аймак деп аталды. Мындай статуска ээ болгон аймакта өндүрүлгөн товарларды сыртка алып чыгарда аларга төлөм алынбайт.
Ээн талаа шаарга айланат! Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвестордун маеги - Sputnik Кыргызстан
Эмилбек Абдыкадыров: Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп киргенден кийин Ат-Башы району ал жакта өзүнчө эркин экономикалык аймак деп аталды. Мындай статуска ээ болгон аймакта өндүрүлгөн товарларды сыртка алып чыгарда аларга төлөм алынбайт.

— Эмне үчүн Кытай менен чектешкен башка аймак эмес, Ат-Башы тандалып алынды?

— Нарын облусуна "эркин экономикалык аймак" деген статус 1992-жылы берилсе, Ат-Башыга жакында эле берилди. Тагыраагы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп киргенден кийин Ат-Башы району ал жакта өзүнчө эркин экономикалык аймак деп аталды. Мындай статуска ээ болгон аймакта өндүрүлгөн товарларды сыртка алып чыгарда аларга  төлөм алынбайт. Мисалы, Ат-Башыга логистикалык борбор курулуп калса, ал жактан чыккан продукция, товар Казакстан, Россия, Белоруссияга түз эле, көйгөйү жок, кошумча төлөмсүз жөн эле өтүп калат. Ошол эле жашылча-жемиш, эт да ушундай болот. Эч кимдин тосконго акысы жок. ЕАЭБдин мыйзамында ушундай деп жазылган. Ат-Башынын артыкчылыгы ушунда.

Открытие распределительного центра Северная звезда  - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башыга салынчу логистикалык борбор. Курулуш тууралуу 5 факты
Мындан сырткары, 2015-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда чек арадагы аймактарды өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлган. Бул да эске алынды. Ээн талаага шаар курулса, элди жумуш менен камсыз кылса эмнеси жаман? Нарын элинин жарымы Бишкек, жарымы Россия, жарымы Казакстанда жүрөт. Бул жерден жылуу-жумшак, үй-бүлөсүнүн жанында иштешет. 15 миңдей адам жумуш менен камсыз болот деп жатабыз. Анын баары эле жергиликтүү тургундар болот. Биз ар дайым башка өлкөлөргө суктанып келебиз. Бирок жакшы ой-тилек кылып, ниет-пейилди кенен койсоң баары жакшы болот. Алдыда чоң пландар бар. Ат-Башы Сингапурдай болот.

Дагы бир нерсени кошумчалай кетейин, логистикалык борбор курулгандан кийин кыргыз-кытайдын ортосунда банк ачылып калышы мүмкүн. Ал банк борбордо иш ачам деген ишкерлерге өтө төмөн пайызда (3 же 5) насыя берет. Бул эми келечектин иши, "буюрса" деп турабыз. Чек ара маселеси боюнча эл кооптонбой эле койсо болот. Ат-Башынын жаштары жумушка тартылып, дал ушул жерде иштейт. Тескерисинче, логистикалык борбор чек арадагы коопсуздукту бекемдейт.

— Кытай инвестору 280 миллион долларды өз чөнтөгүнөн чыгарат деп калдыңыз. Бул долбоордо сиздин милдетиңиз кандай болот?

— Негизи башында кытайлык компанияга эле жер ижарага берилмек. Тагыраагы, кытай компаниясынын жетекчиси эле жалгыз инвестор болмок. Бирок баягы эле коопсуздукту карап, эки өлкө өкүлдөрү "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин экономикалык аймагы" деген компания түздүк. Жоопкерчилиги чектелген коомду Кыргызстандын Юстиция министрлигинен каттаттык. Каттоодон өткөндөн кийин инвестор биздин мыйзам менен иш алып барат. Долбоордо мен өнөктөш менен иштешип, уюштуруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзөм.

— Эки тараптын ортосунда түзүлгөн келишим эмне себептен ачыкка чыкпай жатат. Бул нерсе элди уу-дуу кылып жаткан жокпу?

— Келишимди жашырган жокпуз. Жакын арада ачыкка чыгат. Ал жерде жашыра турган эч нерсе жок. Келишимде "Кыргыз өкмөтү 2016-жылы жерди Нарын эркин экономикалык аймагына берген. Анын ижарага бергенге акысы бар. Кокус инвестор коюлган шарттарды аткарбаса, Кыргызстан андан баш тарта алат" деп эле жазылып турат. Аны кезеги келгенде басма сөз беттерине деле жарыяласа болот.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭмилбек Абдыкадыров: келишимди жашырган жокпуз. Жакын арада ачыкка чыгат. Ал жерде жашыра турган эч нерсе жок.
Ээн талаа шаарга айланат! Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвестордун маеги - Sputnik Кыргызстан
Эмилбек Абдыкадыров: келишимди жашырган жокпуз. Жакын арада ачыкка чыгат. Ал жерде жашыра турган эч нерсе жок.

— Логистикалык борборго 10го чукул завод курулуп, анда телефондун дисплейин чыгарган, электрондук автомобиль чогулткан заводдор салынат деп жатасыздар. Бул канчалык ишке ашат?

— Бул жаатта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын көрүп, таанышып келип жатабыз. Казакстан, Белоруссияда болдук. Белоруссия аэропорттун жанындагы 11 миң гектар жерди кытайлык инвесторлорго "өндүрүшкө" деп 99 жылга ижарага берген. Азыр ал жерде 50дөй завод иштеп жатат. Экономикасы өсүп, канчалаган адам жумуш менен камсыз болду. Биз болсо 10 жакшы завод курсак деп жатабыз. Жөн эле завод эмес, дүйнөлүк рейтингде атаандаш боло турчу завод салышыбыз керек. Анын бири "телефондун дисплейин чыгарат" деген пландар бар. Анткени азыр технология гүлдөп турган убакта алар сөзсүз сатылат. Азыркы тапта бул компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан улам заводдор боюнча толук маалыматты кийинчерээк беребиз. Биздин биринчи милдет — инфраструктураны баштоо. Шарты жок болсо, дүйнөлүк ири компаниялар кайда келип, кайда жашамак эле...

— Жогоруда мамлекеттик кызматтарда иштегем деп айтып кеттиңиз. Өзүңүз тууралуу да кыскача кыстырма кылып кетсеңиз.

Курулуп жаткан үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында ипотекага курулган үйдө бош батирлер бар. Кантип канчага алса болот?
— Ооба, мамлекеттик жогорку кызматтарга чейин жеттим, бирок дароо эмес. Менин да башыман көп нерсе өткөн. Мектепти бүтүп шаарга келгенде беш жыл көчө шыпыргыч болуп иштедим. Андан кийин Архитектура институтуна тапшырып, окуум менен кошо эки жыл көчөлөрдөгү дааратканаларды тазалап жүрдүм. Ошентип жүрүп окуумду бүтүп, эмгек жолум катардагы инженер болуп башталган. Бишкек мэриясынын системасында 30 жылдан ашык иштеп, үч жолу шаардык кеңештин депутаты, вице-мэр болуп иштедим. Курулуш агенттигинде жетекчинин орун басары болуп да кызмат кылдым. Кийин жаштарга орун бошотуп, ишкерликке өттүм. Азыр өзүмдүн курулуш компаниям бар. Калаада көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Бир кыз, эки уулдун атасымын.

Жаңылыктар түрмөгү
0