00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
13:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Жара опасна для гипертоников: кардиолог о симптомах, воде и правилах поведения летом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боттера» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:10
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ат-Башыга логистикалык борбор курулбайт. Инвестор компания элге кайрылды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүЛогистикалык борбор. Архив
Логистикалык борбор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдин каршы чыгышына байланыштуу 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ат-Башыга логистикалык борбор курулбай турган болду. Бул туурасында "Нарын" эркин экономикалык аймагынын башкы директору Артур Байтереков билдирди.

Анын айтымында, инвесторлор буга чейин жердин ижара акысына төлөнгөн 43 миллион сомдон ашык каражатты кайтаруусун сураган.

"Логистикалык борборду кура турган "Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы" компаниясы долбоорду жабуу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды. Учурда биз буга чейин айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу иретинде инвестор тарабынан төлөнгөн 43 миллиондон ашык сомду кайтаруу жөнүндө өкмөткө кат даярдап жатабыз", — деди Байтереков.

Ошондой эле логистикалык борборду кура турган компания да билдирүү таратты.

Открытие распределительного центра Северная звезда  - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башыга салынчу логистикалык борбор. Курулуш тууралуу 5 факты
"Логистикалык борбордун курулушуна биз 280 миллион доллар сарптоону пландаганбыз. Бул каражат компаниянын жеке ресурстарынын эсебинен бөлүнүп жаткан. Өлкө бийлиги менен сүйлөшүү учурунда биз объекттин курулуш планы бузулган шартта "Нарын" ЭЭА бир жактуу түрдө келишимди жокко чыгаруу укугуна ээ болсун деген шартка да макул болгонбуз.  Логистикалык борбордун курулушунун жүрүшүндө жана ал иштеп баштаганда орто эсеп менен 15 миңден кем эмес жумушчу иштемек.  Ал эми бюджетке алгачкы 8 жылда салык жана эмгек акы чегерүү түрүндө бир нече миллиард сом түшмөк", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле компаниянын калкка социалдык жактан да жардам берүү ниети болгонун белгилейт.

"Кадр кызматы жергиликтүү жаштардан адистерди даярдоо планын жана чет өлкөнүн окуу жайларына  жөнөтүү үчүн атбашылык кыз-жигиттердин тизмесин түзүп жатышкан. Алар биздин компаниянын эсебинен заманбап кесиптерге окутулмак. Биз жергиликтүү курулуш компанияларынан керектүү материалдарды сатып алууга, ташытууга  макулдашкан болчубуз", — деп айтылат маалыматта.

Бирок долбоорду ишке ашырууга тоскоолдуктар жаралып, токтотууга мажбур болушканын билдирет.

"Тилекке каршы, Ат-Башы районунун жашоочулары долбоордун иштешин каалабай, каршылык акцияларын өткөрдү. Жергиликтүү элдин бир бөлүгү логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгып жатканда биз узак мөөнөттүү долбоордун үстүндө иштөөгө мүмкүн эмес деп эсептейбиз. Мындан улам долбоорду жабуу чечимин кабыл алууга мажбурбуз", — деп жазылат билдирүүдө.

Кыргызстандык ишкер Эмилбек Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
Ээн талаа шаарга айланат! Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвестордун маеги
Соңунда компания Россия, Белоруссия, Бириккен Араб Эмирлигинин, Түркиянын жана башка Европа, Азия өлкөлөрүнүн ири компаниялары менен логистикалык борбордун аймагына өндүрүштөрдү алып келүү боюнча макулдашылганын кошумчалаган.

Эске салсак, бүгүн, 17-февралда, Ат-Башы районундагы администрациянын алдына жүздөгөн адам чогулуп, аталган аймакка логистикалык борбордун курулушуна каршы экенин билдиришти.

Нааразычылык акциясына чогулгандар резолюция кабыл алып, бийликке беш талап коюшкан.

Ат-Башы аймагына логистикалык борбор курулат дегенден бери эл тынчый элек. 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган аймакка барып, индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген. Борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулмай болгон. Долбоордун сметалык баасы — 280 миллион АКШ долларын түзгөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0