13:17 06 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
463 0 0

Соңку жылдары Кыргызстандын мамлекеттик ички карызы 4 эсеге жогорулады. Өлкө тышкы карызга караганда ички карыздан кутулууга көп каражат сарптайт. Sputnik Кыргызстан ички карыздын ыкчам өсүшү өлкөнүн экономикалык абалын түйшүккө салар-салбасын билүүгө аракет кылды.

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы коомдо көп талкууланат. Атүгүл бир ирет жалпы элдик эсеп ачуу демилгеси да көтөрүлгөн.

Ал эми өлкөнүн мамлекеттик ички карызы кыргызстандыктарды түйшөлтпөйт. Болбосо ал эселене өсүп баратат. Ички карыз мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен түптөлөт. 2014-жылдан бери мамлекеттик ички карыздын көлөмү 12 миллиарддан 50,3 миллиард сомго көбөйгөн (былтыркы ноябрь айынын аягына карата). Редакция мамлекеттик ички карыздын мындай тез жогорулашы өлкөнү кыйынчылыкка кептер-кептебесин тактап көрүүнү чечти.

Ички карыздан айланып-тегеренели!

Акыркы маалыматтар боюнча (өткөн жылдын ноябрына карата), Кыргызстандын мамлекеттик карызы 314,6 миллиард сомду түзгөн, анын ичинен алтыдан бир бөлүгүнөн азыраагы, тагыраак, 50,3 миллиард сому — ички карыз. Ал эми мамлекеттик ички карызды тейлөөгө багытталган сумма (14,1 миллиард сом) тышкы карызды жабууга караганда (14 миллиард) жогору. Ортодогу айырмасы — 100 миллион сом. Бул былтыркы жылга алынган маалымат. Мындай учурлар сейрек эмес.

Мамлекеттик карыз боюнча серепчи Бактыбек Сатыбековдун пикиринде, тейлөөдөгү бул айырма тышкы карызыбыздын жеңилдетилген түрдө болгону менен түшүндүрүлөт.

Представитель общественного совета Министерства финансов КР Бактыбек Сатыбеков в мультимедийном центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамлекеттик карыз боюнча серепчи Бактыбек Сатыбеков

 

"Башкача айтканда, тышкы карыздын мөөнөтү узун, төлөө маалын узартуу жана төмөн пайыздык үстөктөрү бар. Ал эми ички карыз — бул рыноктук кагаздар, үстөктөрү рынок менен аныкталат", — деп түшүндүрдү Сатыбеков.

Мамлекеттик ички карыз эмнеден түзүлөт?

Мында кыскартылган үч сөздү билген жетиштүү. Мамлекеттик ички карыз — бул мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК). Алар мамлекеттик казыналык векселдерден (МКВ) турат. Бир жылга чейин айлантуу мөөнөтү менен чыгарылат. Ошондой эле 2 жылдан он жылга чейинки айлантууга чыгарылчу мамлекеттик казыналык облигациялардан (МКО) турат.

Аларды адатта банктар алат, жеке жарандар да коммерциялык банктар аркылуу гана сатып ала алат.

Эгер акыркы он жылга карата мамлекеттик баалуу кагаздардын чыгарылышына көз сала турган болсок, алардын тездик менен жогорулап жатканын байкоого болот. Тек гана өткөн жылы өскөн эмес.

Ошондой эле, Сатыбеков түшүндүргөндөй, МБК тез арада белгилүү бир сумма зарыл болгондо мамлекеттик казына үчүн жакшы курал.

"Бюджеттин таңсыктыгын жабуу үчүн эмес, киреше менен чыгашаларды теңдөө үчүн зарыл. Мисалы, тезинен анык бир сумманы карыздоо керектелсе, аны кайра ошол эле жылы жабышат. Бул кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарга тиешелүү", — дейт Сатыбеков.

Чет өлкөлөр бизге жардам бербей калгандыктан ички карыз өсүп кеттиби?

Бул соболго серепчилердин жооптору ар кандай. Сатыбеков тыштан карыз алууда көйгөйлөр жок экенин, тескерисинче, Кыргызстан чет элдик насыяны өз убагында иштетип калууга үлгүрбөй каларын айтат.

Мамлекеттик карыз боюнча бөлөк серепчи Чинара Айтбаева да чет элдик насыяларды алуу кыйындады деп эсептебейт, бирок анын пикиринде, кырдаал бир өңчөй эмес.

Эксперт по госдолгу Чинара Айтбаева. Архивное фото
© Фото / Айзада Акылбекова
Мамлекеттик карыз боюнча бөлөк серепчи Чинара Айтбаева
"Ал эми гранттарга келсек, жагдай ошондой. Эл аралык каржылык институттар бюджетти колдоого грант берүүдөн баш тарта башташты. Валюталык насыяларды алуу мамлекетке пайдасыз. Ошондуктан мамлекет МБКларды чыгарууну жогорулатууга мажбур", — деп белгилейт Айтбаева.

Эмне үчүн мамлекеттик карыздын көлөмү көбөйдү?

Эксперттердин жана Финансы министрлигинин пикиринде, бул өлкөдө баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Бирок бөлөк себептери да бар.

"МБКларды чыгаруу чет элдик насыяларды алгандагыдай валюталык тобокелдиги жок, ушул артыкчылыгы менен ал мамлекет үчүн пайдалуу", — деп айтылат Финансы министрлигинин Sputnik Кыргызстандын өтүнүчүнө берген жообунда.

Ошондой эле аталган каржылык мекеме 2015-жылдан тарта узак мөөнөттүү баалуу кагаздарга басым жасалып келе жатканын эскертет.

"Ушуга байланыштуу 2, 3, 5, 7, 10 жылга МБКлар чыгарыла баштады. Натыйжада ички карыздын көлөмү өстү", — деп түшүндүрдү министрлик.

Ушул тапта узак мөөнөттүү баалуу кагаздар МБКлардын басымдуу бөлүгүн түзөт. Себеби былтыр 5,3 миллиард сомго МКВ, 9,6 миллиард сомго МКО чыгарылган.

Сатыбеков белгилегендей, 1998-жылы Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр болгон: кризистен улам сом арзандап, бул тышкы карызды төлөө көйгөйүн жараткан. Чет элдик валютада алынгандыктан, валюталык шок учурунда тейлөөгө көбүрөөк сом зарыл.

"Ошондуктан тышкы карызды кыскартып, ички карызды көбөйтүү туура", — деди ал.

Зыяндуусунан залалы азыраагы

Мурдагы финансы министринин орун басары, учурда Финансылык көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Арзыбек Кожошевдин пикиринде, баалуу кагаздар — бул мамлекеттин каражат тартууга болгон механизмдеринин бири.

Министр экономики Кыргызской Республики Арзыбек Кожошев в рабочем кабинете. Архивное фото
© Фото / пресс-служба минэкономики КР
Мурдагы финансы министри, учурда Мамлекеттик көзөмөл кызматынын башчысы Арзыбек Кожошев
"Тилекке каршы, албетте, бул кымбат механизм. Ички карызды жогорулатуу ортозаар, бирок тышкы карыз жогорулап кеткенинен көрө артык көрсөткүч. Баарын салыштырып көрүү менен аткаруу керек. Башкача айтканда, зыяны азыраагын тандоо абзел", — деди Кожошев.

Ошондой эле ал башка мамлекеттердин мамлекеттик карызынын көп бөлүгүн ички карыз түзөрүн, ал эми Кыргызстанда жагдай тескерисинче экенин белгиледи.

"Эч кайда кача албайбыз. Ички карыздын эсебинен каражат тартуу куралы иштей берет, бөлөк механизм жок", — деди ал.

Кожошев мамлекеттик ички карыздардын үлүшү өсүшү үчүн үстөктөрдү төмөндөтүүгө умтулуу керектигин, анткени өлкө үчүн мунун коопсуздугу азыраак экенин кошумчалайт.

Карыз үстүнө карыздап жаткан жокпузбу?

Мамлекеттик карыздын максаттарынын бири мамлекеттик карызды кайра каржылоо болуп саналарын билдиришти Финансы министрлигинен.

"Башкача айтканда, жаңы МБКлар мурдагы карыздарды жабуу үчүн чыгарылат. Ошондуктан дефолт тобокелдигинин жаралышы мүмкүн эмес. Мындан тышкары, мамлекеттик карызды тейлөө коргоого алынган берене жана төлөм биринчи кезекте жүргүзүлөт", — дешти министрликтегилер.

Ошону менен катар Каржы министрлиги макроэкономикалык параметрлер аткарылып, чет элдик валютага карата сомдун туруктуу курсу сакталса, мамлекеттик карыз азайып, ИДПнын 70 пайызынан ашпай турганын белгилейт.

Айтбаеванын айтымында, алынган милдеттенмелер боюнча мүмкүн болгон тобокелдиктердин алдын алуу үчүн экономикалык өсүш боюнча ишти кызуу жүргүзүү зарыл.

Сатыбеков ошондой эле Каржы министрлигинде качан карызды алуу же качан төгүү керектигинин эсеби алынарын айтат.

"Эгер көйгөйлөр бышып жетилсе, анда карыз алуу азайып, карызды төгүү күч алат", — деп кошумчалайт ал.

Мамлекеттик тышкы карызды төлөөнүн эң жогорку чеги 2027-жылдарга туура келет. Ошондо өлкөнүн акчасы жетер-жетпесин серепчилер талкууга алышкан. Буга жоопту Sputnik Кыргызстандын башка бир материалынан таба аласыздар.

Тема боюнча

Кыргызстанга акча которуулар 280 млн. долларга кыскарды
Кыргызстандыктардын былтыркы жылдын 9 айындагы кирешеси айтылды
Белгилер:
Финансы министрлиги, экономика, баалуу кагаздар, акча, карыз, Тышкы карыз

ЭҢ МААНИЛҮҮ