Ат-Башыга салынчу логистикалык борбор. Элди түйшөлткөн суроолорго жооп

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЛогистикалык борбор. Архив
Логистикалык борбор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ат-Башыга логистикалык-индустриалдык борбор курулат" дегенден бери жергиликтүү тургундар ортосунда кайчы пикирлер жаралды. Айрымдары "салынсын" деп кубаттаса, кээ бири борбордун келечегинен күмөн санап, Ат-Башы экологиялык жактан зыян тартып каларын айтышууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тоолуу аймакта түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын буга чейин айтышкан, бирок соцтармак тынчый элек. Мындан улам Нарындын мурдагы губернаторлору баштаган аткаминер, ишкерлери чогулуп жыйын өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүнө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары көз салып турду.

Эске салсак, 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башы районуна барып индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген. Борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулганы жатат.

Инвесторлор тууралуу

Көмүр кенинде иштеген техника. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт быйыл иштетүү үчүн 5 кенге сынак жарыялайт. Тизме
Борборду кура турчу инвестор — "Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири "Нур Строй Монтаж" компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров, ал эми кытай тараптан One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын жетекчиси Лю Инь.

Долбоордун сметалык баасы 280 миллион АКШ долларын түзөт. Логистикалык борборду курууга "Нарын" эркин экономикалык аймагы инвесторлорго 176 гектар жерди 49 жылга ижарага берген. Азыркы тапта инвесторлор ижара акысынын 43 миллионго чукул сомун төлөгөн.

"Нур Строй Монтаж" компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын жетекчиси Лю Индин Кытайда бир топ бизнеси бар.

© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева"Нур Строй Монтаж" компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров
Ат-Башыга салынчу логистикалык борбор. Элди түйшөлткөн суроолорго жооп - Sputnik Кыргызстан
"Нур Строй Монтаж" компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров

"Кытай инвестору Лю Инь жакында эле Кыргызстанга кагаз чыгара турган 3 миллион долларга завод куруп бүттү. Ал буга чейин өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүү болгондо "Логистикалык борборду салыш үчүн эч кандай насыя албайм, 280 миллион долларды өз чөнтөгүмөн чыгарам" деп айткан. Кытай инвесторунун максаты — Орто Азиядагы логистикалык борборлорго окшош эмес, жогорку-технологиядагы завод-фабрикаларды куруу болуп жатат", — деди Абдыкадыров.

Инвесторлордун долбоорун атбашылык ишкер Аскар Салымбеков колдойт. Анын айтымында, буга чейин да Ат-Башыга терминал курууга аракеттер болуп, бирок ишке ашпай калган.

© Sputnik / Асель АкматалиеваИшкер Аскар Салымбеков
Ат-Башыга салынчу логистикалык борбор. Элди түйшөлткөн суроолорго жооп - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Аскар Салымбеков

"Индустриялык-соода-логистикалык борборду чылгый эле кытайлар курбайт. Ал жакка Германия, Франция, Белоруссиядан бир нече компания завод-фабрика салууга кызыкдар болуп жатыптыр. Убагында губернатор болуп турганда Нарында бир топ инвест-форумдар өттү. Анда да бул маселе көтөрүлүп, Ат-Башыга логистикалык борбор сыяктуу терминал куруу сунушталган, бирок оюбуз ишке ашпай калган. Дайыма эле инвесторду качыра бербей аларга мүмкүнчүлүк берип көрөлү", — деди Салымбеков.

Эл "жер кытай тарапка өтүп кетпейби?" деп кооптонууда

Нарын облусунун биринчи губернатору Кемел Ашыралиев жер кытай тарапка сатылбаганын айтып, алар жөн гана түз инвестиция кылып жатканын түшүндүрүп берди.

"Кытайлар кирип, кайра чыкпай калчудай кооптонуунун кереги жок. Эң башкысы — жер сатылган жок, жер Кыргызстандыкы. Кокус инвесторлор мыйзамды буза турган болсо, аларга чоң сүйлөй алабыз. Анткени жер биздики. Алар жөн гана түз инвестиция салып жатат. Болгону бул маселеде юридикалык жактарын жакшылап караш керек. Биз деле кол куушуруп жөн отурган жокпуз, аракет кылып жатабыз. Юридикалык маселелерин карап чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түздүк", — деди Ашыралиев.

Юридикалык илимдердин доктору Чолпонкул Арабаев инвесторлор ортосунда түзүлгөн келишимди дасыккан юристтер дыкат карап чыгышы керек деп эсептейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЮридикалык илимдердин доктору Чолпонкул Арабаев
Ат-Башыга салынчу логистикалык борбор. Элди түйшөлткөн суроолорго жооп - Sputnik Кыргызстан
Юридикалык илимдердин доктору Чолпонкул Арабаев

"Баары мыйзамдын чегинде болушу керек. Бирок биздин мыйзамдар чийки. Алар бири-бирине карама-каршы келет. Ошондуктан келишимди жакшылап карап, эл аралык деңгээлдеги юристтерди бул ишке тартуу зарыл. Мисалы, жер 49 жылга ижарага берилип жатат. 49 жылды 5, 10 кылып бөлүп алып, 5 жылдын ичинде эмне куруп, элди кандай жумуш менен камсыз кыла турганын тактап алган оң. Инвесторлордун азыркы айтып жаткандары ишке ашса, баары жакшы болот. Эл өкмөт, расмий өкүлдөргө көбүрөөк ишенет. Ошондуктан өкмөттүн кепилдиги болбосо дагы, бул боюнча бийлик көбүрөөк маалымат айтып турушу керек. Инвестор тууралуу маалымат ачык болсо, элде күмөн ойлор жаралбайт болчу", — деди Арабаев.

Элди түйшөлткөн экология

Жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн дагы бир маселе — экология. Инвесторлор бул маселени да чечип койгонун айтышты.

"Жарыкты биз күн батареяларынан алабыз. Ал эми канализациянын сууларын чыпкалоого заманбап суу фильтрлери коюлат. Эл завод-фабрика салынса, андан илгеркидей түтүн чыгат деп ойлоп жатат. Бирок бул соода-индустриялык борборго жогорку технологияларды өндүргөн ишканалар салынганы жатат. Мурдагыдай түтүн чыккан завод эмес, жогорку технологиядагы фабрикалар салынат", — деп убадалады Абдыкадыров.

Инвестор логистикалык борбор эмне себептен Ат-Башы аймагына курулуп жатканын да түшүндүрө кетти.

Кыргызстанда баасы өскөн азык-түлүккө кирбеген товарлар  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бир жыл ичинде кымбаттаган 10 товар. Тизме
"Биринчиден, Ат-Башы району "эркин экономикалык аймагы" деген статуска ээ. Бажы кодексинин 245-беренесине ылайык, мындай аймактан чыккан продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө бажы төлөмүн кошпой сата алабыз. Экинчиден, 2015-жылы Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин ортосунда чек арадагы суук, бийик тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча сөз болгон. Ошол критерий да эске алынып, логистикалык борбор Ат-Башыга курулуп жатат", — деп түшүндүрдү Абдыкадыров.

Инвесторлор курулуш иши 2020-жылдын апрель айында башталарын айтты. План боюнча логистикалык борбор сегиз жылдын ичинде курулуп бүтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0