Ат-Башыга 10го чукул завод-фабрика куруу пландалууда

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүТелевизор чыгаруучу завод. Архив
Телевизор чыгаруучу завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Логистикалык борбор курула турчу жерди инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага алышкан. Азыркы тапта инвесторлор жердин ижара акысынын 43 миллион сомго чукулун төлөшкөн.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районуна курула турчу логистикалык борбордо соодага эмес, өндүрүшкө басым жасалат. Бул тууралуу курулуштун инвестору "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсынын жетекчиси, инвестор Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, логистикалык борборду курууга 176 гектар жер ижарага берилген. Бөлүнгөн аянттын 80 гектарына 10го чукул завод-фабрика куруу пландалууда.

"ЕАЭБге киргенден кийин биз жаңы технологияларды чыгарган завод-фабрикаларды салышыбыз керек. Мисалы, азыркы учурда Белоруссияда жогорку технологиялык 50дөй завод бар. Жок дегенде бул зонага 10го чукул завод салууну көздөп жатабыз. Мисалы, телефондун мониторун чыгара турган компания менен азыркы тапта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул компаниянын учурда беш өлкөдө филиалы бар экен. "Бизге да ачкыла" деп жан үрөп жатабыз. Ошондой эле жашылча-жемишти эки жыл өзүндөй кылып сактаган кампа салынат. Бул боюнча англиялык компания менен сүйлөшүү болуп жатат. Эл аралык деңгээлдеги көргөзмө борборун куруу да планда бар. Ага азыртан эле түрк, белорус, казак, араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү акча салууга даяр экенин билдиришти", — деди Абдыкадыров.

Анын айтымында, курулуш иштеринин биринчи этабы 2020-жылдын апрель айында башталат. Ал эми логистикалык борбордун өзү толугу менен сегиз жылда аяктайт деп пландалууда.

Последствия землетрясения населенных пунктах Чон-Алайского района Ошской области - Sputnik Кыргызстан
2020-жылы Кыргызстанда эмнелер курулат? Өкмөттүн убадалары
Эске салсак, 2019-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип, тараптар бир топ документтерге кол койгон. Анын ичинде "Нур Строй Монтаж" ЖЧКсы жана One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын ортосунда соода-логистикалык борбордун курулушу жөнүндө келишимге да кол коюлган. Долбоордун сметалык баасы — 280 миллион АКШ долларын түзөт. 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев анын пайдубалына капсула салып келген.

Бул индустриялык-соода-логистикалык борбордун инвестору — "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы. Анын негиздөөчүлөрү Лю Инь, Эмилбек Абдыкадыров жана Ван Цзыюнь.

КРдин инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулунун айтымында, логистикалык борбор курула турчу жерди инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага алышкан. Азыркы тапта инвесторлор жердин ижара акысынын 43 миллион сомго чукулун төлөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0