Жыл башынан бери мамлекеттен алынган насыянын 4,6 млрд. сому кайтарылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бюджеттик кредит – чарбачылык субъектилерге республикалык бюджеттен берилүүчү ссуда менен насыялар. Алар мурда берилген кредиттердин үстөк пайызын төлөп, өлчөмүн жабуу боюнча милдеттенмелерин аткарган шартта берилет.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. 2019-жылдын 10 айында чарбакер субъектилер бюджеттик насыялардын 4 миллиард 637 миллион сомун кайтарып берди. Анын ичинен 3 миллиард 134 миллиону негизги карыз, 1 миллиард 503 миллион сому пайыздар жана айыптар экенин Финансы министрлиги билдирди.

Көрсөтүлгөн каражаттын 86,4 пайызы чет өлкөлүк насыялардын эсебинен карызга берилсе, 13,6 пайызы бюджеттик ссудалар болуп эсептелет.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бюджеттин чыгашасы 2 млрд. сомго кыскарды. Кайсы тармактын акчасы кертилет?
План боюнча бул аралыкта кайтарып алынчу сумма дээрлик 5 миллиард сомго чукул, тагыраагы, 4 миллиард 963 миллион сом болчу. Бирок карызды кайтаруу мөөнөтүн узартуу, пайыздык ченди өзгөртүү, эсептен чыгарып жоюу чечими сыяктуу факторлордон улам бул сумма бир аз көбөйүп же азайып кетиши кадыресе көрүнүш экени айтылат.

Бюджеттик кредит – чарбачылык субъектилерге республикалык бюджеттен берилүүчү ссуда менен насыялар. Алар мурда берилген кредиттердин үстөк пайызын төлөп, өлчөмүн жабуу боюнча милдеттенмелерин аткарган шартта берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0