14:40 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Пахта чогултуп иштегендер. Архивдик сүрөт

Чет элдик мигранттардан жылына Кыргызстанга 8 млн. доллар түшүрсө болобу? Демилге

© Sputnik / Алексей Куденко
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
320 0 0

Акыркы мезгилде Кыргызстанга коңшу Өзбекстан менен Тажикстандан келип иштегендер көбөйдү. Алар негизинен курулуш, айыл чарба тармактарында жалданып эмгектенишет. Адистер мындай миграциялык агымды мыйзамдаштырып, жаңы жобо иштеп чыгуу зарылчылыгын белгилөөдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги парламент тарабынан сунушталып жаткан миграциялык мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөрдү тактап көрдү.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов коңшу өлкөдөн келген мигранттардын иш-аракетин көзмөлгө алып, жөнгө салган мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык, Кыргызстанга келип эмгектенген Тажикстан менен Өзбекстан жарандарынын ар бири ай сайын 500 сомдон патент алып иштеши керек. Ал үчүн "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" жана "Салыктык эмес төлөмдөр" мыйзамдарына айрым өзгөртүүлөр киргизилет. Мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда. Эл өкүлүнүн пикиринде, бул чара эки өлкөдөн келген эмгек мигранттарынын ишин мыйзамдаштырат.

Учурдагы абал

Азыр Кыргызстандын мыйзамдары менен өкмөт аралык келишимдердин негизинде Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда 60 күндөй визасыз жүрүп, беш күн ичинде тиешелүү органдан каттоодон өтүшү керек. Ал эми тажикстандыктар 60 күндөн көп убакыт өлкө аймагында болсо, сөзсүз катталышы шарт. Колунда уруксат кагазы жок болсо, эки мамлекеттин тең жарандары Кыргызстанда иштей алышпайт. Бирок учурда акча табуу үчүн миңдеген чет элдиктер эмгек мигрант болуп Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Ош, Чүй облустарында иштеп жатат. Алардын ишмердүүлүгү мамлекеттик органдар тарабынан толук көзөмөлдөнгөн жок, себеби анын жол-жобосу мыйзамдарда каралган эмес.

Жаңы өзгөртүүлөр мамлекетке кандай пайда алып келет?

Уруксат кагазы жок акча тапкан чет элдиктер негизинен жеке тараптар менен кызматташып, айыл чарба, курулушта жалданып иштейт. Визасыз жүрүүнүн мөөнөтү (60 күн) бүткөндө мекенине чыгып кетип, кайра келип иштөөдө. Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстанга жылына мыйзамсыз иштегени коңшу өлкөлөрдөн 100 миңге чукул киши келет. Жаңы мыйзам долбоордун демилгечилери эгер алар ай сайын 500 сомдон патент алып иштесе, мамлекеттин казынасына бир жылда 8 миллион долларга чейин каражат түшөт деп болжолдогон.

Мындан сырткары, республика аймагында мыйзамсыз миграция азаймакчы.

Патент мигранттарга кандай жеңилдик берет?

Демилгеге ылайык, патент эки айдан алты айга чейинки убакытка берилип, аны мигрант белгилүү бир шаар, облус же райондун аймагында гана колдоно алат. Уруксат кагазын Мамлекеттик салык кызматы берет. Бирок азырынча Өзбекстан, Тажикстандан келген мигранттар менен кайсы мамлекеттик орган түзмө-түз иштеше тургандыгы аныктала элек.

Статистика

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2018-жылы Өзбекстандан эле Кыргызстанга эс алуучу катары 3 миллион 330 миңден ашык адам кирген. Анын ичинде турист катары келип иштеп тыйын тапкандар да жок эмес.

Ошондой эле кыргыз өкмөтү жыл сайын ондогон өлкөдөн келген чет элдик жумушчуларга атайын квота бөлөт. Быйыл Миграция кызматы 17 миң 410 адамга Кыргызстандын аймагында иштөөгө уруксат берген. Алар эмгек визасын алгандан кийин жылына мамлекетке 10 миң сом төлөп өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

КР жарандары кантет?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө жалпы 170 миңге чукул жумушсуз адам бар, анын 90 миңи аталган министрликтин каттоосунда турат. Ошол эле маалда чет өлкөгө иш издеп кеткен кыргызстандыктар жүз миңдеп саналат. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, болжол менен 730 миңге чукул кыргыз жараны чет жерде мигрант болуп иштеп жүрөт. Анын ичинен 640 миңи Россияда эмгектенсе, 35 миң жаран Казакстанда, 30 миңи Түркияда жана 15 миңден ашууну Түштүк Корея мамлекетиндеги кыргыз мигранттарынын санын толуктайт.

Тема боюнча

Депутат чет элдик мигранттардан КРге 8 млн. доллар төлөтүп калууну сунуштоодо
Мигранттардын 2005-жылдан берки салган акчасы айтылды. График
Белгилер:
Тажикстан, Өзбекстан, мыйзам, миграция, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ