00:18 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
412 0 0

Аудиттин материалдары Жогорку Кеңешке, президенттин аппаратына, Коопсуздук кеңешинин секретариатына, өкмөткө жана Финансы министрлигине жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Эсеп палатасы Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен миллиондогон финансылык мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Аудит учурунда 6,8 миллион сомдук мыйзам бузуу аныкталган. Ал эми ведомствонун маалымат кызматы жалпы жонунан бюджетке 353,8 миллион сом чыгым келтирилгенин билдирди.

Ашыкча чыгымдар товар-материалдык баалуулуктарга, бюджеттик мекемелерди каржылоого жана айлык маянага кеткен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында министрликке аныкталган мыйзам бузууларды жөнгө салуу тапшырмасы берилди. Аудиттин материалдары Жогорку Кеңешке, президенттин аппаратына, Коопсуздук кеңешинин секретариатына, өкмөткө жана Финансы министрлигине жөнөтүлдү.

Тема боюнча

Күрпсай ГЭСи боюнча тендер: мамлекет 1,7 миллион сомдук чыгым тарткан
Коррупциядан түшкөн каражаттар топтолчу атайын эсеп жакында ачылат
Финпол: "Росинбанк" аркылуу 3,3 млрд. сом сыртка чыгарылып кеткен
Белгилер:
чыгым, бюджет, Эсеп палатасы

ЭҢ МААНИЛҮҮ