Мэр "Ала-Тоону" кооздоого кетти делген 9 млн. сом кайда жумшалганын түшүндүрдү

Жазылуу
Муниципалитет серверге туташтырылган узун чубалгылары бар заманбап жабдуу сатып алган

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкектин борборундагы жаңы жылдык кооздуктардын диоддук лампалары программалык сервер аркылуу башкарылып турат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин радиоэфирине келген шаар мэри Албек Ибраимов кооздоого кеткен каражат жөнүндө түшүндүрмө берип жатып айтты.

Бир аз мурда социалдык тармактардын колдонуучулары диоддук лампаларга тогуз миллион сом кеткенине нааразы болушкан. Көпчүлүк муну өтө кымбат деп баалаган.

Мэрдин айтымында, муниципалитет серверге туташтырылган узун чубалгылары бар заманбап жабдуу сатып алган.

"Бул базалык жабдуу, баасы кымбат. Муну жаштар жакшы түшүнөт, алгач унаанын өзүн сатып аласың, кийин ага керектүү кошумча нерселерди шашпай ала бересиң. Бул бир эле жолу колдоно турган буюм эмес. Алдыда салтанаттар көп. Мисалы, Бишкек шаарынын 140 жылдыгы, Көчмөндөр оюну бар", — деди Ибраимов.

Гуляйте по новогодней площади Бишкека, не вставая с дивана - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтынын жаңы жылдык жасалгасын үйдөн чыкпай көрүңүз
Мэр кошумчалагандай, жабдууга кеткен каражатты аз убакыттын ичинде кайтарып алса болот. Анткени эмитен эле концерттерди уюштурган продюсерлер аны ижарага алууга кызыгып жатышат.

"Биз дагы чоң чыгымдарга барышыбыз керек. Анткени, ачык айтылбаганы менен дүйнө шаарларынын ортосунда заманбап нерселерге жетишүү боюнча атаандаштык бар. Мындай кадыр-барк алып келе турган нерселерге акча салышыбыз керек", — деди шаар башчысы.

Ошондой эле мэр бул майрам үчүн бөлүнгөн акча туура максатта колдонулгандыгы үчүн эч бир маалыматтжашырылбай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0