Быйыл Ысык-Көлдөгү эс алуунун баасы канчалык өзгөрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие купального сезона на озере Иссык-Куль
Открытие купального сезона на озере Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отель жана мейманканалардын кожоюндары белгилегендей, чөнтөккө бап эс алууну самагандар, ошондой эле коттедждерди жактыргандар үчүн бул жылы жакшы жай болот — быйыл баа бир топ төмөндөйт.

Ысык-Көлдө эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы
Былтыр беделдүү рейтингдер эс алуу үчүн Кыргызстанды сунушташкан. Мындай жарнамадан соң көлүбүздүн жээгинде күнгө кактанчу туристтердин ири агымы күтүлгөн эле.

Мындай пикирлерге карабастан, 2016-жылы баары башка нукта кетти. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун айтымында, былтыркы жылды ийгиликтүү болду деш кыйын. Аба-ырайынын начардыгынан жана Балыкчы — Корумду жолундагы оңдоп-түзөө иштеринен улам ишкерлер пайда таба албай калышты. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов

"Ысык-Көлдө туристтердин агымы болжол менен 20-40 пайызга кыскарды. Так санын айта албайбыз, анткени, адамдардын бир бөлүгү тескөөгө татаал болгон жеке тармакта эс алган. Бирок жалпысынан өткөн жылы республикага келген эс алуучулардын саны мурдагыдай эле", — деп белгиледи Жаманкулов.

Быйыл да Ысык-Көлдөгү пансионаттардын ээлери туристтер көбүрөөк болорун күтөт.

Рыноктун реакциясы

"Жибек жолу" туризм ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров туристтик бизнес быйыл да иштин оңунан чыкпай калышын көтөрө албайт деген пикирде. 

© Фото / Маргарита Турова"Жибек жолу" туризм ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров
Президент Ассоциации туризма Шелковый путь Владимир Комиссаров - Sputnik Кыргызстан
"Жибек жолу" туризм ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров

"Кыргызстанда курорттук мезгил абдан кыска — болгону эки ай. Бул убакытта табылган каражат рынок өкүлдөрүн калган тогуз ай багат. Ошол себептен, бир жагынан ишкерлерибиз жогорку бааны кармап турууга мажбур, экинчи жагынан, чет өлкөлүктөр тургай, жергиликтүү туристтер да ошол эле акчага Түркия же Бирикккен Араб эмирлигине барууну ылайык көрөт", — деп эсептейт Комиссаров.

Мейманкана кожоюндарынын баамында, менчигинде жайык жээги жок, түнөк гана берген жеке тармакта да баа отуз пайызга жакын төмөндөдү. Эс алуучу үйлөрдүн биринин кожейкеси Айпери Мамырканова мындай кадамга туристтерди тартуу ниетинде барганын айтат.

Ысык-Көлдүн быйылкы сезондогу алгачкы сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Көлдү сагындыңбы? Ысык-Көлдүн быйылкы сезондогу алгачкы сүрөттөрү
"Эл ушу тапта акчаны сарамжалдуу пайдаланууга аргасыз. Эгер кымбат баа койсок, анда көпчүлүк быйыл Ысык-Көлгө таптакыр келбеши да мүмкүн. Эгер эс алуу үйлөрүндө былтыр суткасына 600-1000 сом турса, быйыл киши башына бааны 400-700, алтургай, 350 сомго чейин да ылдыйлатышыбыз ыктымал", — деди Мамырканова.

Чолпон-Атадагы кичи пансионаттардын өкүлү Айнура Карабекова да ушундай эле ойдо. Айланасында бассейн, балдар ойноочу аянт жана башка шарттары болсо да, көп пансионаттар суроо-талап болбогону үчүн бааны төмөндөтүүгө мажбур.

"Былтыр киши башына 1000 сомдон берсек, быйыл 700 сомго түшүрдүк. Алтургай, күн мурунтан брондогондорго кошумча арзандатууга да макулбуз. Себеби, сезон маалында туристтердин агымы көп болоруна ишене албайбыз", — деп белгилейт Карабекова.

Андан сырткары, үй-бүлөлөргө ылайыкталган коттедждерди ижарага берген жогорку класстагы отелдердин айрымдары бааны 3-4 миң сомго түшүрдү. Алардын ээлери бул чечимин бардык кардарларга жеткиликтүү болууга умтулгандыгы менен түшүндүрүшөт.

"Отелибиз люкс класста, коттедждерибиз да арзан эмес. Атаандаштарыбыз мурдагы бааларын калтырганына карабай, биз бааны бир кыйла ылдыйлаттык. Кардарларыбызга жакын болууну туура көрдүк", — деп мүнөздөйт абалды кызмат көрсөтүүлөрү кымбат пансионаттардын биринин өкүлү.

Ошентсе да эконом класстагы (үч миң сомго чейин) коттедждердин жана пансионаттардагы эки, үч, төрт орундуу орто жана жогорку класстагы бөлмөлөрдүн ижара акысы өзгөрүүсүз калды. Жайык жээги бар, үч маал тамагы менен эконом-варианттагы санаторий жана мейманканаларда абал түшүнүксүз. Түнөк шарттары жана кызмат көрсөтүүлөрү айырмаланбаса да айрымдары кымбаттатып, кээси арзандатууда. Эки орундуу номер суткасына 1-3,5 сом турат.

Бөтөнчө пикир

Ошентсе да айрымдар олуттуу арзандатуулар жок экенин айтышат. Кыргызстан курорттор ассоциациясынын туризм боюнча менеджери Бакыт Молдоналиевдин маалыматында, пансионаттарда түнөк акысы 2016-жылдагы боюнча калат.

"Байкоо жүргүзүп, бул жааттагы баалар кескин өзгөрбөгөндүгүнө күбө болдук. Курорт кожоюндары эл күн мурунтан чалып, бөлмөлөрдү ээлеп коюп жатканын айтат. Көпчүлүк ири эс алуу үйлөрүндө июль-августка азыртан эле орун калбай барат", — деп бөлүшөт Молдоналиев байкоонун жыйынтыгынан.

Ысык-Көлгө кызыгуулар болгону менен быйыл жайда туристтик дүң күтүүнүн кереги жоктугун айтып алды ассоциациянын адиси. Кыргызстан Ысык-Көлдөгү жайкы туризмдеги ордун чыңдаганы менен туристтик агымдын өсүшү кийинки жылы гана байкалат окшоп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0